Өзбекстандын Самарканд облусунун ички иштер башкармалыгына шаар тургуну кайрылып, Каттакурган районунда эки аял 15 жаштагы өспүрүмдү 50 млн сумга (3300 доллар) сатууну көздөп жатышканын билдирген.
Ал милицияга аялдардын сөздөрү жазылган аудиону бергенин облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-июнь күнү бир тууган жээнин сатууну көздөгөн аял 20 млн сум алып жаткан жеринен кармалып, ага Кылмыш кодексинин 135-беренеси ("Адам сатуу") менен кылмыш иши козголду.
Ал эми өспүрүм кароосуз калган балдар тарбиялануучу SOS айылына жайгаштырылды.
Буга чейин Өзбекстандын Сурхандарья облустук соту өзүнүн кызын 15 миң долларга сатууга аракет кылган аялды 6 жылга эркиндигинен ажыраткан.
Акыркы жылдары Өзбекстанда бала сатуу күч алганы кабарланууда. 2017–2020-жылдар аралыгында мындай кылмышка байланыштуу 185 окуя катталган. Ымыркай сатууга энелердин социалдык абалы, жалгыз бойлук, бала багууга мүмкүнчүлүк жоктугу жана башка себептер түрткү болгону айтылып келет.
Быйыл президент Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, адам сатууга байланышкан мыйзамдарды катаалдаштырган. Ага ылайык, адам сатуу кылмышына айыпталгандар 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Шерине