Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55

Соккулардын жаңы толкуну. Иранда да, Израилде да жабыркагандар саны өсүүдө


Израил. Рамат-Ган шаары. 2025-жылдын 14-июну.
Израил. Рамат-Ган шаары. 2025-жылдын 14-июну.

Израил 13-июнда Ирандын аймагына бир нече сокку ургандан кийинки абал чыңалган бойдон турат. 14-июнга караган түнү Израилдин айрым шаарлары аткыланды. Эки тарап тең жайкын тургундар арасында жоготуу бар экенин билдирүүдө.

Соңку кырдаал

Иран 14-июнга караган түнү Израилдин бир нече шаарына, анын ичинде Тел-Авивдин аймагына ракета менен кайрадан сокку урду. Анын алдында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху "айыгышкан душмандын өзөктүк жана аскердик объектилерине каршы аскердик операциясы" улана берерин убада кылган.

Ишембиде таңга жуук Израил аскер кызматкерлери Иран учурган ракеталар Тел-Авивде, Хайфада жана Иерусалимде кармалганын маалымдады. Бир күн мурда Израил Тегерандын өзөктүк программасы менен байланышы бар деп шектелген жайларга абадан чабуул койгон, мындан адамдар жабыркаганы, имараттар кыйраганы маалымдалган.

"Ирандын Израилди көздөй учурган ракеталары абадан аныкталар замат айгай салынып, эскертүү берилди. Израилдик аскерлер коркунучтун мизин кайтаруу аракетин көрүп жатышат", - деп билдирди Ирандын аскердик мекемеси.

Израил. Ришон-ле-Цион шаары. 2025-жылдын 14-июну.
Израил. Ришон-ле-Цион шаары. 2025-жылдын 14-июну.

Түнкү саат 1:15те телеканалдар түз эфир көрсөтүп жаткан учурда Тел-Авивде катуу жарылуу болгону угулду. Кийинчерээк тараган видеолордон шаардагы турак жай комплексинин бири зыян тартканын көрүүгө болот. Израил бийлиги кайрадан жайкын тургундарды бомбадан жашынуучу жайларга бара турууну суранды, алар күндүз да бир нече саат ошол жайларда баш калкалашкан.

Жарык киргенден кийин Израилдин бир нече шаарында ар кайсы жерде снаряддар жатканы көрүндү. Ракеталардын көбү атып түшүрүлгөнү, бирок кээ бир үйлөр кыйраганы белгилүү болду.

Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына караганда, өткөн түнү Иран ракеталык соккуларын төрт толкун менен учурду, жалпысынан 200дөй ракета колдонду. ЦАХАЛ алардын көпчүлүгү атып түшүрүлгөнүн билдиргени менен айрымдарын токтотуп кала албай калышканын моюнуна алды. 14-июндун таңында кеминде эки киши каза болгону, 19 киши жараат алганы кабарланууда. Ал эми The Jerusalem Post басылмасы ишембинин таңына карата каза тапкандар төрт, жараат алгандар 70 киши экенин жазды.

Израилдин бул жолку операциясы Иранда бир топ жогорку кызматтагы аскер жетекчилеринин жана өзөктүк программаны иштеп чыгууга байланышы бар окумуштуулардын өлүмүнө алып келгени расмий тастыкталды.

14-июнда Ирандын маалымат каражаттары өлкөнүн түндүк-батышындагы жарылуулар тууралуу жазышты. Mehr агенттиги Тебриздеги мунай заводунда жарылуу болгонун маалымдады. Израилдин армиясы мунай заводуна жана Шахид Факури аскер базасына сокку урган болушу ыктымал экени кабарланууда.

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Тебриздин түштүгүндөгү Марага аймагында да иштегени кабарланды. Аймакта Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматынын базасы жайгашкан.

Тебриздеги мунай заводуна жана аэропортко Израил тарап 13-июнда да чабуул койгон.

Fars агенттиги ошондой эле өлкөнүн батышындагы Хорремабад жана Керманшах аймактарында да жарылуулар болгонун жазды.

Эки өлкөнүн азыркыдай согуштук активдешүүсү АКШ президенти Дональд Трамп Иранды өзөктүк келишимге макул болууга чакырган чакта болуп жатат. Кошмо Штаттардын лидери жума күнү Иранды ядролук программасы боюнча келишимди “кеч боло электе” түзүүгө чакырган.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

“Көптөгөн өлүм менен кыйроолор болду. Бирок кан төгүүнү токтотуу үчүн убакыт бар, себеби болочок пландалган соккулар мындан да катаал болот”, - деп жазган Трамп Truth Social социалдык тармагына.

Америкалык лидер Иранга бир нече жолу мүмкүнчүлүк бергенин, Израилде АКШда жасалган кыйратуучу курал-жарак көп экенин, мындан да көп болорун эскерткенин белгилеген.

Америкалык расмий кызматкерлердин бири АР маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып азырынча америкалык учактар жана аскердик кемелер Израилдин операциясына катышпаганын билдирди, бирок толук маалымат азырынча бериле элек. Ак үй өкүлү ошондой эле Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефондон сүйлөшкөнүн айтып берди.

Washington Post басылмасы Израилге Ирандын чабуулдарынан коргонууга АКШ жардам бергенин, ракетага каршы Patriot жана THAAD системалары колдонулганын жазды.

Иран Израилди баллистикалык ракета менен аткылады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:41 0:00

ЦАХАЛдын бригадалык генералы Эффи Дефрин Ирандын 13-июндагы соккусу ракеталык эки толкун болуп урулганын, жалпысынан ар биринде 100дөн снаряд колдонулганын, алардын көпчүлүгүн абадан коргонуу системалары кармап калганын айткан.

Ал эми Иранда Израилдин 13-июндагы чабуулунан борбор калаа Тегеранда жайгашкан "Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун" командалык бекети да бутага алынган. Ирандын мамлекеттик телеканалы бул соккудан каза болгондордун арасында аталган мекеменин командачысы, генерал-майор Хоссейн Салами набыт кеткенин расмий булактарга таянып кабарлаган.

14-июндагы чабуулдан Тегерандагы Мехрабад аэропортуна эки снаряд тийгени, ал жерде өрт тутанганы маалымдалууда. Reuters жазгандай, бул аймакта Ирандын Аскер-аба күчтөрүнүн кыргын салуучу жана жүк ташуучу учактары жайгашкан базасы бар.

Ирандын өкүлү Амир-Саид Иравани Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинде билдиргенине караганда, Израилдин соккуларынан жалпысынан 78 киши өмүрүнөн айрылды, 320дан ашуун киши жараат алды.

Тараптардын жүйөсү

Израилдин өкмөт башчысы Нетаньяху "Ирандын Израилдин амандыгына карата жараткан коркунучун азайтуу" максатында жасалып жаткан чабуулдар "мындай коркунучту жок кылууга канча күн талап кылса, ошончого чейин улана берерин" айтты.

Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

"Биз Ирандын уранды байытуу программасынын так жүрөгүнө сокку урдук. Биз Натанздагы уранды байытуучу негизги объектке сокку урдук. Биз ошондой эле Ирандын баллистикалык ракеталар программасынын так жүрөгүнө сокку урдук", - деген Нетаньяху "ирандык бомба жасап жаткан" ирандык өзөктүк окумуштууларды да бутага алганын кошумчалады.

Ошону менен катар ал мындай күрөш аракети Ирандын жайкын тургундарына каршы эместигин белгилеп, аларды "46 жылдан бери эзип келаткан катаал диктатураны" жок кылууга үндөдү.

Израилдик аскерлер Иранга каршы жапырт соккуларында 200дөй учак колдонушканын билдиришти, ал эми телеканалдар Израилдин "Моссад" чалгын кызматы азыркы операциясын ишке ашырыш үчүн Ирандын аймагында жашыруун жай ачып иштегенин кабарлашты.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Израил жума күнкү сокку үчүн “катуу жазаланарын” эскертти:

Али Хаменеи.
Али Хаменеи.

“Сионист режими (Израил) бүгүн эртең менен карасанатай жана кандуу колун Иранга каршы кылмышка малды, өзүнүн бузуку табиятын көргөздү. Бул чабуул менен сионист режими өзүн ачуу тагдырга туш кылды, алар сөзсүз жооп берет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги өлкө “адилетсиз агрессияга кабылганын”, “аймактык бүтүндүгүнө жана улуттук суверенитетине шек келтирилгенин”, чабуулдарга “Тегеран жана башка шаарлардагы калк жашаган райондор туш болгонун” 13-июнда белгиледи.

Мекеме соккулар БУУнун Хартиясын бузуу болуп эсептелерин, ошол эле документтин 51-беренесине ылайык "Ислам жумуриятынын агрессияга жооп берүүгө мыйзамдуу укугу бар" деп кошумчалады. Тегеран БУУнун Коопсуздук кеңешин “эл аралык тынчтыкты бузуу жана глобалдык стабилдүүлүккө көлөкө түшүрүү” фактысына тез жооп берүүгө чакырды.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Израилдин масштабдуу чабуулун согуш жарыялоого теңеди.

Ирандын мамлекеттик телеканалы Натанз шаарындагы уранды байытуучу жай "бир нече соккуга" кабылганын кабарлап, үстүн кара түтүн каптап турган кадрларды көрсөттү.

МАГАТЭ: Абалга байкоо жүргүзүп турабыз

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси 13-июнда билдирүү таратып, мекеме Израилдин Иранга, анын ичинде өлкөнүн ядролук жайларына сокку урганынан кабардар болгонун айтты.

Рафаэл Гросси
Рафаэл Гросси

Маалыматка караганда, агенттик өзөктүк ишкананын, станциялардын абалын билүү, ядролук коопсузудукка жаралган ыктымал коркунучтарга баа берүү үчүн Ирандын тиешелүү органдары менен байланышта турат. Ирандын ядролук коопсуздук жаатындагы жетекчилери “Натанздагы уран байытуу ишканасы зыян тартканын, радиациянын деңгээли көтөрүлбөгөнүн, Исфахан жана Фордодогу объектилерге залака тийбегенин ырасташты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Гросси чабуулга терең тынчсызданарын айтып, өзөктүк жайлар эч качан бутага алынбашы керектигин бир нече курдай эске салганын белгиледи. Себеби андай соккулар “адамдарга жана айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келип”, “ядролук коопсуздукка, регионалдык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө терс кесепет” тийгизиши мүмкүн.

12-июнда МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Иран ядролук куралды жайылтпоо милдеттенмелерин аткарбай жатат деген резолюция кабыл алган. Гросси бул чечим менен катар кеңеш Тегерандын өзөктүк программасына байланышкан маселелер дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиш деген позицияны жактарын кошумчалаган.

Тегеран резолюцияны сындап, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги уран байытуу боюнча жаңы ишкана коопсуз тилкеде ачыларын, жаңы муундагы замабап центрифугалар ишке киргизилерин билдирген.

Тегеран. 2025-жылдын 13-июну.
Тегеран. 2025-жылдын 13-июну.

Иран ядролук аракеттери аскердик эмес, жай турмуштук максаттарды гана көздөрүн айтып келет.

Батыш жана Израил Иран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенет жана андай аракеттерди алдын алууну көздөйт.

Тегерандын дүйнөдөгү ири алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ жана Германия) менен өзөктүк сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталган. 2015-жылы ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, Иран программасын чектемек, ага жооп катары АКШ Тегерандан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак.

2018-жылы АКШ ошол кезде да өлкөнү башкарып турган президенти Дональд Трамптын демилгеси боюнча аталган келишимден чыгып кеткен, аны кайра калыбына келтирүү аракетинен жыйынтык чыга элек.

Келаткан жекшембиде Омандын борбор шаарында сүйлөшүүлөрдүн алтынчы раунду өтмөк.

Дүйнө өлкөлөрүнүн реакциясы

НАТО боюнча өнөктөштөрдүн Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушуна жол бербөө аракети абдан маанилүү. Бул тууралуу жума күнү альянстын башкы катчысы Марк Рютте айтты:

“Бул – Израилдин бир тараптуу аракети болду. Андыктан, менимче, көптөгөн өнөктөштөр, анын ичинде АКШ үчүн чыңалууну ушу тапта басаңдатуунун үстүнөн иштөө маанилүү. Алар муну кылып жатат. Бул - күндүн башкы талабы деп ойлойм”, - деп айтты Рютте Швециянын премьер-министри менен пресс-конференцияда.

НАТОнун мүчөсү Франция тараптарды карманууга чакырып, ошол эле маалда Израилдин өзүн чабуулдардан коргоо укугу бар экенин, Париж Ирандын ядролук программасына байланыштуу көптөн бери камтамасын айтып келгенин белгиледи.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жума күнү эртең менен аны аскердик аракеттер жана соккулардын максаты тууралуу кабардар кылганын билдирди. Мерц Иран ядролук куралга ээ болбош керек деген максат кала бергенин айтты.

НАТОнун дагы бир мүчөсү Түркия Израилдин аба соккусун “катуу айыптап”, аны эл аралык мыйзамдарды бузган жана аймактагы абалды ого бетер курчуткан чагым деп сыпаттады.

Түрк Тышкы иштер министрлиги чабуул “Израил маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүнү каалабасын” көргөздү деп эсептейт. Мекеме “ири жаңжалга алып келиши мүмкүн болгон агрессивдүү аракеттерди” токтотууга чакырды.

Британ премьер-министри Кир Стармер Израилдин соккусу тынчсыздануу жаратарын, тараптар чыңалууну басаңдатуу үчүн аракет көрүүгө тийиш экенин айтты.

Кытай Израилдин Иранга урган соккусуна жакындан байкоо салып турганын билдирди жана тараптарды регионалдык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө доо кетирбегидей аракеттенүүгө үндөдү.

Региондогу мамлекеттер өз реакциясын билдирип, Катар Израилдин соккусун айыптап, аны Ирандын суверенитетин жана коопсуздугун “көз көрүнө бузуу” деп атады.

Бириккен Араб Эмираттары Ирандын бутага алынышын айыптап, регионалдык коопсуздукка коркунуч жаралышы мүмкүн деген кооптонуусун ортого салды.

Египет Жакынкы Чыгыштагы абалга жакындан байкоо салып жатканын жана стратегиялык товарлардын запастарын көбөйтүп жатканын маалымдады.

Орусия Израил менен Иран ортосундагы кескин чыңалууну айыптады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Тышкы иштер министрлиги президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен жакын арада кеңири билдирүү жасайт, ал андан ары БУУда таратылат.

Кыргызстандын тынчсыздануусу жана жарандарына эскертүүсү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

“Кыргызстан түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында тараптарды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө жана аймактагы абалды андан ары курчутуп жиберүүсү мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырат”, - деп жазылган дипломатиялык мекеменин 13-июндагы билдирүүсүндө.

Министрлик мунун алдында Ирандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырган:

"Мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталат.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жана консулдук жардам алуу үчүн Ирандагы элчиликтин ыкчам байланыш номерлери : +98 935 250 52 26; +9821 228-303-54 жана КР ТИМдин ыкчам байланыш +996999312002 номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөбүз", - деп айтылды.

Ал эки 14-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Иран менен Израилдин ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу өлкө жарандарын абал толук турукташканга чейин Израилге барбай турууга чакырды. Мекеме ошондой эле учурда Израилдин аймагында жүргөн кыргызстандыктарга өтө этият болууну жана коопсуздук чараларын сактоону сунуштады.

Аймактагы кыргызстандыктар зарылчылык болгон учурда төмөнкү байланыш номерлери аркылуу өлкөнүн тышкы мекемелерине кайрыла алышат:
1. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800;
2. Израилдеги ардактуу консулдугу: +972 54 442 6498;
3. ТИМ (Бишкек): + 996999312002.

Тышкы саясий мекеме учурда Иранда жана Израилде канча кыргызстандык жаран бар экенин маалымдаган жок.

Жакынкы Чыгыш: Чыңалган абал эмнеге алып келиши мүмкүн?
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:00 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG