«Азаттык» Украинада уруш башталгандан көп өтпөй Кыргызстанда жана Казакстанда ачылган компаниялар Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган электроника товарларын жөнөтүп жатканын аныктап чыкты.
Украина Орусия менен 1000/1000 форматында туткун айырбаштоо жараяны аягына чыкканын 25-майда билдирди. Жараян жүрүп жаткан үч күн бою Украинанын бир нече аймагын, борбор калаасын Орусия түнкүсүн ракета жана дрон менен аткылап жатты. Жекшембиге караган түнкү чабуулдардан кеминде 12 өмүр кыйылды.