НАТО боюнча өнөктөштөрдүн Жакынкы Чыгыштагы абалдын деэскалациясы үстүнөн иштөөсү абдан маанилүү. Бул тууралуу жума күнү альянстын башкы катчысы Марк Рютте билдирди:
“Бул – Израилдин бир тараптуу аракети болду. Андыктан, менимче, көптөгөн өнөктөштөр, анын ичинде АКШ үчүн чыңалууну ушу тапта басаңдатуунун үстүнөн иштөө маанилүү. Алар муну кылып жатат. Бул - күндүн башкы талабы деп ойлойм”, - деп айтты Рютте Швециянын премьер-министри менен пресс-конференцияда.
НАТОнун мүчөсү Франция тараптарды карманууга чакырып, ошол эле маалда Израилдин өзүн чабуулдардан коргоо укугу бар экенин, Париж Ирандын ядролук программасына байланыштуу көптөн бери камтамасын айтып келгенин белгиледи.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жума күнү эртең менен аны аскердик аракеттер жана соккулардын максаты тууралуу кабардар кылганын билдирди. Мерц Иран ядролук куралга ээ болбош керек деген максат кала бергенин айтты.
НАТОнун дагы бир мүчөсү Түркия Израилдин аба соккусун “катуу айыптап”, аны эл аралык мыйзамдарды бузган жана аймактагы абалды ого бетер курчуткан чагым деп сыпаттады.
Түрк Тышкы иштер министрлиги чабуул “Израил маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүнү каалабасын” көргөздү деп эсептейт. Мекеме “ири жаңжалга алып келиши мүмкүн болгон агрессивдүү аракеттерди” токтотууга чакырды.
Британ премьер-министри Кир Стармер Израилдин соккусу тынчсыздануу жаратарын, тараптар чыңалууну басаңдатуу үчүн аракет көрүүгө тийиш экенин айтты.
Кытай Израилдин Иранга урган соккусуна жакындан байкоо салып турганын билдирди жана тараптарды регионалдык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө доо кетирбегидей аракеттенүүгө үндөдү.
Региондогу мамлекеттер өз реакциясын билдирип, Катар Израилдин соккусун айыптап, аны Ирандын суверенитетин жана коопсуздугун “көз көрүнө бузуу” деп атады.
Бириккен Араб Эмираттары Ирандын бутага алынышын айыптап, регионалдык коопсуздукка коркунуч жаралышы мүмкүн деген кооптонуусун ортого салды.
Египет Жакынкы Чыгыштагы абалга жакындан байкоо салып жатканын жана стратегиялык товарлардын запастарын көбөйтүп жатканын маалымдады.
Орусия Израил менен Иран ортосундагы кескин чыңалууну айыптады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Тышкы иштер министрлиги президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен жакын арада кеңири билдирүү жасайт, ал андан ары БУУда таратылат.
Израил 13-июнда таңга маал Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге “алдын алуучу сокку урганын” жарыялады. Израилдин Тегеранга аба соккусунан “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун” башкы командачысы Хоссейн Салами каза болгонун ирандык мамлекеттик Tasnim агенттиги жазды.
Шерине