Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

"2ГИС" компаниясынын Бишкектеги кеңсеси эмнеге жабылды?


2ГИС компаниясынын кеңсеси. 13-июнь, 2025.
2ГИС компаниясынын кеңсеси. 13-июнь, 2025.

Бишкекте “2ГИС” компаниясынын кеңсеси жабылып, эшигине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мөөрү басылды. Азырынча Кыргызстандагы картографиялык кызмат көрсөткөн бул ири компаниянын кеңсеси эмнеге жабылганы тууралуу так маалымат жок.

Айрым маалыматтарда салыктан качуу боюнча ишке байланыштуу экени айтылып жатат. “2ГИС” Орусияда негизделген эл аралык компаниялардын бири.

Ишкананын Горький көчөсүндө жайгашкан имараты 10-июндан бери жабык турат. Анын негизги эшигине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгы мөөр басып кеткен.

"2ГИС" компаниясынын эшигинде УКМКнын мөөрү турат. Сүрөт 13-июнда тартылган.
"2ГИС" компаниясынын эшигинде УКМКнын мөөрү турат. Сүрөт 13-июнда тартылган.

"2ГИС" компаниясынын сайтында көрсөтүлгөн байланыш телефону иштеп жатканы менен эч ким жооп берген жок. Мындан тышкары башкы кеңсесинин айланасы дагы тынч. Бирок "2ГИС" тиркемеси адаттагыдай эле иштеп жатат. Алардын социалдык тармактагы баракчаларында атайын кызматтын аракети боюнча кандайдыр бир маалымат жок.

“2ГИСтин” имараты эмнеге жабылганы боюнча УКМК да түшүндүрмө бере элек. Бирок Кыргызстандагы айрым басылмалар бул ишти 11-июндагы Башкы прокуратура тараткан маалымат менен байланыштырып жатышат.

Анда санариптик кызмат көрсөтүү, мобилдик жана веб-тиркемелерди иштеп чыгуу, навигация тармагында коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзгөн ири компания 57 млн сомдон ашык салык төлөбөй жүргөнү айтылган.

"Мамлекеттик салык кызматында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 57 млн сомдон ашуун суммадагы салыктын бюджетке төлөнбөй калган фактысы аныкталды. Тактап айтканда, санариптик кызмат көрсөтүү, мобилдик жана веб-тиркемелерди иштеп чыгуу, онлайн маркетинг жана навигация тармагында коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүп келген ири компания салык төлөөдөн узак убакыт бою качып келген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (“Адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча өзгөчө ири өлчөмдө бюджетке салыктарды төлөөдөн качуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Башкы прокуратуранын бул маалыматында компаниянын аты аталбаганы менен журналисттер “2ГИС” жөнүндө сөз болуп жатканын божомолдошууда. Анткени “2ГИС” Кыргызстанда санариптик кызмат көрсөткөн, мобилдик жана веб-тиркемелерди иштеп чыккан, навигация тармагында коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзгөн негизги компания.

Азырынча Башкы прокуратура да, Салык кызматы да расмий маалымат бере элек.

"2ГИС" - 1999-жылы Орусияда негизделген картографиялык кызмат көрсөткөн портал. Ачык булактардагы маалыматка караганда, 2020-жылдан бери Орусиядагы компаниянын 75% акциясы “Сбербанк” банкына таандык.

Ал эми Кыргызстандагы “2ГИС” компаниясына Всеволод Перфильев жана Андрей Долгов деген эки жаран ээлик кылат.

"2ГИС" компаниясынын негиздөөчүлөрү. Юстиция министрлигинин сайтынан алынган скрин.
"2ГИС" компаниясынын негиздөөчүлөрү. Юстиция министрлигинин сайтынан алынган скрин.

"Азаттык" Всеволод Перфильев, Андрей Долгов жана алардын адвокаттары менен да байланыша алган жок.

Экономист Кайрат Итибаев Кыргызстанда салык саясаты жөнгө салынып жатканын, андыктан "2ГИС" да башкалардай мыйзам чегинде иштеши керектигин айтат. Буга кошумча аталган компания боюнча ал буларды айтты:

Кайрат Итибаев.
Кайрат Итибаев.

"2ГИС" орустардын каражаты, орустардын мээси менен түзүлгөн ири компания. Алар бир нече өлкөдө иш алып барышат. Жаңылбасам биздин кошуна өлкөлөрдө да бар болсо керек. Азыр Орусия бул окуяга көмүскө түрдө реакция кылып баштаса керек. Сүйлөшүүлөр да жүрүп жатышы мүмкүн. Мындай маалыматтар көп учурда ачык чыкпайт. Акыры бир пикирге келишет. "Яндекс" менен деле ушул сыяктуу окуя болду го. "2ГИС" компаниясы эч качан Кыргызстандан чыгып кетпейт. Анткени бул чоң киреше. Анын үстүнө маалымат чогултуу да абдан маанилүү. Биз азырынча санариптик эгемендикке жетише элекпиз".

"2ГИС" компаниясынын тиркемеси Кыргызстанда көп колдонулат. Ал жерде алгачкы жылдары Бишкек шаарынын эле картасы болсо, соңку жылдары улам бир аймакты камтып бара жатат. Аталган тиркемени жөнөкөй жарандар карта, навигатор катары колдонушат. Ал эми ишкерлер болсо ишканасын "2ГИСтин" картасына киргизиш үчүн, жарнама кылуу үчүн акча төлөшөт.

2024-жылы ноябрь айында УКМК дагы бир орусиялык “Яндекс.Такси” компаниянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Бул окуядан кийин Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда кыргызстандык мамлекеттик органдар орусиялык компанияларга "кысымын жана негизсиз дооматтарын" токтотушу керектигин талап кылган эле.

Адылбек Касымалиев Мишустиндин опузасына “кийин өзүнчө маалымат бере турганын” айтып жооп берген. Анда Мишустин кайсыл бир компаниянын атын атаган эмес. Бирок көпчүлүк “Яндекс” жөнүндө сөз болуп жатканын айтып чыккан эле.



Кыргызстанда “2ГИС”, “Яндекс” сыяктуу ири орус компаниялары көп эле. Алардын белгилүүлөрү Таласта алтын казган “Альянс алтын”, “Газпром Кыргызстан” болуп эсептелет. Өзгөчө 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Кыргызстанда орусиялык компаниялардын катары калыңдаган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG