Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Латвия мамкызматкерлерине Орусия жана Беларуска барууга тыюу салды


 Латвиянын парламенти. Архив
 Латвиянын парламенти. Архив

Латвиянын Сеймы (парламент) депутаттар менен аткаминерлерге Орусия жана Беларуска барууга тыюу салган мыйзам долбоорун акыркы окууда кабыл алды. Бул өлкөлөргө чыгуу үчүн аларга атайын уруксат алууга туура келет, - деп билдирди Delfi агенттиги.

Мындай тыюу мамлекеттик сыр деп эсептелген маалымат менен иштеген, стратегиялык инфраструктуранын коопсуздугу үчүн жооп берген адамдарга, Ички иштер, Коргоо, Юстиция министрликтеринин, алардын карамагындагы аскердик объектилердин кызматкерлерине жайылат. Андан тышкары Коррупция менен күрөшүү бюросунда, салык полициясы жана бажыда иштегендер расмий уруксат алышы керек.

Сөз болгон аткаминерлер менен депутаттар Орусия жана Беларустун аймактарын транзит катары да пайдалана албайт. Кызматтык буйрук же гуманитардык максат менен саякаттоого атайын уруксат берилет.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча комиссиянын төрагасы Айнарс Латковскис “ТИМдин жана Коопсуздук кызматынын Орусия жана Беларуска барбоо тууралуу так көрсөтмөлөрүнө карабай ал жактарга каттагандардын саны өсүүдө” деп айткан.

Жаңы тыюуну бузгандар кызматынан алынышы мүмкүн. Депутаттарга кандай чара көрүлөрү такталган жок.


Шерине

XS
SM
MD
LG