Жума күнү Ирандын Израилге ракеталык чабуулунан Тель-Авивде көп кабаттуу үй жабыркап, 44 адам жарадар болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Маалыматтарга ылайык, эки адамдын абалы оор.
Жарылуулар Иерусалим, Хайфа жана Тель-Авивде болгону, ракеталардын айрымдары абадан атып түшүрүлгөнү тартылган тасмалар тарады.
Видеого ракеталардын бири Израилдин Коргоо министрлигинин имаратына багытталганы түшүп калган.
Израил Ирандын соккусун тынч элге карата чабуул деп айыптады.
"Коргонуу системалары коркунучту жокко чыгаруу үчүн иштеп жатат. Элге коопсуз жайларга кетүү жана ал жакта кийинки көрсөтмөлөргө чейин калуу сунушталды", - деп жазылган армиянын билдирүүсүндө.
Маалыматтарга караганда, ракеталарды аткылоого абадан коргонуучу системадан тышкары авиация тартылган.
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Иранды "бардык кызыл чектен өтүп кетти" деп айыптады. "Биз Израилдин жарандарын коргоону улантабыз жана аятолланын режими бул кылмышы үчүн жооп берет", - деди Кац.
Кийинчерээк израилдиктерге калкалануучу жайлардан чыгууга уруксат берилди, бирок алыстабай туруу сунушталды. Ошондой эле кийинки чабуулдарга даяр туруу эскертилди.
Ирандык медианын маалыматына ылайык, жума күнү Израилге жүздөгөн баллистикалык ракета атылды. Бул Тегерандын Израилдин соңку чабуулдарына берген алгачкы жообу катары бааланууда.
13-июндагы чабуулдан кийин Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Израилди "согуш баштады" деп айыптап, "аны баштап, качып кетүүнүн" арты оор кесепеттерге жеткирерин эскерткен.
Жума күнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Ал Улуттар Уюмунан "эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча өз милдеттерин аткаруу үчүн шашылыш чара көрүүсүн" талап кылганын айтты.
Дагы караңыз
Шерине