Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкери пара талап кылып, бул мекемени "дискредитация кылганы үчүн" деген негизде иштен алынды. Бул тууралуу 13-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, подполковник С.М. "ири өлчөмдөгү коррупцияга" айыпталууда, ал ишкердин тергөөгө байланыштуу көйгөйүн чечип берем деп 200 миң доллар өлчөмүндө пара алганы аныкталган.
"Акча каражатын алганы менен жарандын маселесин чечип бере алган эмес. Ошол себептүү ал жаран берген каражатты кайтаруусун талап кылганда кайтып берген эмес. Бул факт боюнча 12-июнда Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык”) менен иш козгоду, өзү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бардык жагдайлар такталгандан кийин кызматкер жумуштан алынды", - деп айтылды УКМКнын маалыматында.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев жыл башында Кыргызстанда 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, ушул тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин билдирген. Ал ар бир тармакта коррупцияга каршы күрөш уланарын маалымдаган.
Шерине