Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

14-июндун аба ырайы: дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт


Бишкектеги ботаникалык бак.
Бишкектеги ботаникалык бак.

Шашылыш билдирүү

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 15-июнга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

14-июнга караган түнү Ысык-Көл облусун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн15...20, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG