Израил, Иран, Иордания жана Ирак 13-июнга караган түнкү соккулардан кийин өздөрүнүн аба мейкиндиктерин жапты жана учууларды токтотту. Flightradar24 сайты алардын үстүнөн бир да учак учпаганын көргөзүүдө.
«Түрк аба жолдорунун» Ajet деген филиалы Иран, Ирак жана Иорданияга рейстерин дүйшөмбүгө чейин токтотту. Компаниядагы булак Ливанга күндүз гана каттамдар аткарыларын билдирди.
Нидерланддын KLM авиакомпаниясы бери дегенде 1-июлга чейин Тел-Авивге бардык рейстерин аткарбай турганын жергиликтүү ANP агенттиги маалымдады.
Грециялык Aegean Airlines авиакомпаниясы Израилдин баш калаасына жана ал жактан учууларды токтоткону сайтында жазылды.
Lufthansa дагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Тегеранга жана ал жактан рейстер убактылуу аткарылбасын, Иран, Ирак жана Израилдин аба мейкиндиктеринен оолак болорун кабарларды.
Израилдик El Al, Israir жана Arkia компаниялары Иранга сокку урулгандан кийин бардык учактарын өлкө сыртына чыгарып жатышканын билдиришти. Ага чейин Тел-Авивдеги Бен-Гурион эл аралык аэропорту убактылуу жабылган.
Авиациялык тобокелдиктер боюнча Osprey Flight Solutions консалтинг компаниясы маалымдагандай, 2001-жылдан бери алты коммерциялык учак атайылап эмес атып түшүрүлгөн, үчөө аз жерден аман калган. Былтыр жыл аягында Azerbaijan Airlines компаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы кырсыкка учураганда Азербайжандын бийлиги лайнер Грозныйга отурар маалда орусиялык ракетадан коргонуу системасынын актылоосуна кабылганын билдирген. Жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына бет алууга аргасыз болуп, ошол жакта кулаган.
4-майда йемендик хуси козголоңчулары аткан ракета Тел-Авивдеги аэропорттун жанына түшкөндөн кийин көптөгөн дүйнөлүк ири авикомпаниялар Израилдин башкалаасына рейстерди токтоткон.
Шерине