14-15-июндагы туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
15-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26
Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 32…34° ысык болот.
Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 21…23° жылуу болот.
Дагы караңыз
Шерине