Кытайдын China Southern Airlines аба компаниясы Кытай менен Тажикстандын баш калааларынын ортосунда аба каттамын жүргүзөт.
Дүйшөмбү менен Бээжиндин ортосундагы аба каттамы 16-июндан тартып ачыларын Тажикстандын Жарандык авиация агенттиги кабарлады. Агенттик аталган каттам "Тажикстан менен Кытайдын жарандык авиация тармагындагы кызматташтыгынын маанилүү багыты" экенин белгилеп, президент Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен ишке ашырылып жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдар аптасына эки ирет - шейшемби жана ишемби күндөрү учат.
Дүйшөмбү–Бээжин аба каттамын жүргүзүү Кытайдын лидери Си Цзинпиндин Тажикстанга сапарында жетишилген келишимдерге ылайык жүргүзүлүп жатканы кабарланды. Бул каттамды ишке ашыруу максатында быйыл жазында Кытайдын жарандык авиация өкүлдөрүнөн турган делегация Дүйшөмбүгө барып кеткен.
Шерине