Израил армиясы Ирандагы операцияларынын аймагын кеңейтти. Бул тууралуу премьер-министрдин кеңешчиси Дмитрий Гендельман билдирди.
Анын сөзүнө караганда, соккулар баллистикалык ракеталар кое берилүүчү жайлардан тартып аскер базаларын, стратегиялык түзүмдөрдү бутага алат.
"Көп жылдык чалгын иштери жана акыркы айлардагы маалыматтар тастыктады: Тегеран Израилди жок кылуу үчүн максаттуу иш жүргүзүп келе жатат. Биз коопсуздугубуз жана жашоо укугубуз үчүн чечкиндүү кадамдарга барабыз", - деп жазды Гендельман Телеграм каналындагы баракчасына.
Көп өтпөй Ирандын маалымат каражаттары өлкөнүн түндүк-батышындагы жарылуулар тууралуу жазышты. Mehr агенттиги Тебриздеги мунай заводунда жарылуу болгонун маалымдады. Израилдин армиясы мунай заводуна жана Шахид Факури аскер базасына сокку урган болушу ыктымал экени кабарланууда.
Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Тебриздин түштүгүндөгү Марага аймагында да иштегени кабарланды. Аймакта Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматынын базасы жайгашкан.
Тебриздеги мунай заводуна жана аэропортко Израил тарап 13-июнда да чабуул койгон.
Fars агенттиги ошондой эле өлкөнүн батышындагы Хорремабад жана Керманшах аймактарында да жарылуулар болгонун жазды.
Израил 13-июнда Ирандын ядролук жайларына, баллистикалык ракета чыгарган заводдоруна жана аскердик командачылык жайгашкан жерлерге сокку урганын, муну менен Тегерандын өзөктүк курал жасоосун алдын алууну көздөгөнүн билдирген.
Ирандык медианын маалыматына ылайык, жума күнү Израилге жүздөгөн баллистикалык ракета атылды. Бул Тегерандын Израилдин соңку чабуулдарына берген алгачкы жообу катары бааланууда. Эки тараптан тең адам өлүмү катталганы кабарланды. Согуш шартында маалыматтарды тактоого мүмкүн эмес.
Шерине