2023-жылы январда АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) мурдагы агенти Чарльз Макгонигал санкциядагы орусиялык олигарх Олег Дерипасканын пайдасына тыңчылык кылганын моюнга алып камалганда Вашингтондогу коопсуздук тармагында чоң чуу жаралган.
Макгонигал Нью-Йорктогу федералдык сотто ал кызматтан кеткенден кийин Дерипаскага иштегенге, анын бизнестеги атаандашы Владимир Потанин тууралуу компромат чогултуп берүүгө макул болгонун айткан. Сот аны төрт жылга эркинен ажыраткан.
Бирок бул ишке байланыштуу айып тагылган жалгыз гана ал болгон эмес.
Мурдагы советтик жана орусиялык дипломат, кийин АКШнын жарандыгын алып, соттордо котормочу болуп иштеген Сергей Шестаковдун иши боюнча сот отуруму дээрлик 16 айдан кийин, быйылкы жылдын 17-июнунда карала турганы белгилүү болду.
Шестаков да Дерипаскага 2018-жылы АКШ киргизген санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөн деп шек саналууда. Мындан тышкары ал акча адалдоо максатында кутумга катышкан жана ФБР агенттерине жалган көрсөтмө берген деп айыпталууда.
Бул иш коомчулукта анча резонанс жаратпаганы менен АКШнын коопсуздук кызматтары окуяны тыкыр көзөмөлдөп турат. Макгонигал ФБРдин Нью-Йорктогу кеңсесинде иштеп жүргөндө Дерипаска баштаган орусиялык олигархтар боюнча иликтөөлөрдө негизги фигура болгон.
Шестаков жана Макгонигал бизнес өнөктөш болгондон тышкары экөө тең мурдагы орусиялык таасирдүү ишкер Владимир Гусинский менен да байланышта экени айтылууда. Гусинский узак убакыт бою АКШнын Коннектикут штатында жашаган.
Гусинскийге бул иш боюнча расмий түрдө айып тагылган эмес. Бирок ФБР анын мурдагы жубайын жана үй кызматкерлерин бир нече жолу суракка алган. Шестаков аны Макгонигал менен тааныштырганы жана алар байланышып турганы маалым.
Шестаков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.
Нью-Йорктогу федералдык сотко тапшырылган документтерге ылайык, мурдагы советтик дипломат Сергей Шестаковдун жактоочулары анын жана ФБРдин мурдагы кызматкери Чарльз Макгонигалдын ишмердиги орусиялык олигарх Олег Дерипаскага эмес, анын ири өнөр жай холдинги EN+ Group компаниясына байланыштуу болгонун далилдөөгө аракет кылып жатышат.
EN+ Group — дүйнөдөгү эң ири алюминий өндүрүүчүлөрүнүн бири саналган «Русал» компаниясын көзөмөлдөйт.
Сергей Шестаковдун адвокаты Рита Глейвин сотко тапшырган материалдарда Шестаковдун жана Макгонигалдын иши EN+ компаниясынын кызыкчылыгын көздөп, АКШ мыйзамдарына ылайык лоббисттик аракеттерди камтыганын белгилейт.
Бул иште негизги фигура болуп EN+ компаниясынын кызматкери Евгений Фокин эсептелет. ФБР Фокинди Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын (СВР) агенти деп шек санайт.
Бирок айрым эксперттер Шестаковдун коргонуу аргументтерине ишенбейт.
"EN+ үчүн иштешкен дегени ишеним жаратпайт. Андай болгон учурда деле айырма жок. Алардын аракеттери орусиялык эң белгилүү олигархтардын бири болгон Дерипасканын кызыкчылыгына кызмат кылганын көрсөтүп турат. Ал Кремлдин атынан Москванын саясий тапшырмаларын чет жерде ишке ашырууга аракет кылган адам",- дейт «Чет элдик агенттер: Америкалык лоббисттер жана мыйзам чыгаруучулар дүйнө жүзүндөгү демократияга кантип коркунуч жаратат» китебинин автору Кейси Мишел.
АКШ прокуратурасы Евгений Фокинди Шестаков жана Макгонигал менен бирге иш алып барган деп эсептейт. Сот документтерине караганда, ФБР Фокинди 2019-жылдын июль айынан тартып жашыруун көзөмөлдөп, сүрөткө тартып, сүйлөшүүлөрүн тыңшаган. Ал эми 2022-жылы анын АКШ визасы ФБРдин талабы менен жокко чыгарылган.
АКШ прокуратурасы менен Сергей Шестаковдун адвокаты Рита Глейвин Олег Дерипасканын EN+ холдингиндеги кеңешчиси Евгений Фокинден көрсөтмө алуу маселеси боюнча талашып келишкен.
Сот документтерине ылайык, учурда Орусияда жашап, Дерипасканын EN+ компаниясында жогорку кызматтагы кеңешчи болуп иштеген Фокин АКШга баруудан баш тарткан. Ал камалып калуу коркунучун жүйө келтирген.
Башында тараптар аны Түркияда же Дубайда суракка алуу мүмкүнчүлүгүн карашкан. Акырында Фокин сот процессинде видеобайланыш аркылуу көрсөтмө берери чечилген.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттери Евгений Фокинден комментарий алуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок ал муну жоопсуз калтырды.
Нью-Йорктогу айрым орус тилдүү чөйрөлөрдө Шестаков фиксер катары таанылган. Ал СССР менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринде иштеген, кийин АКШнын жараны болгон. 1993-жылы Нью-Йоркко көчүп барып, 2010-жылдарда АКШнын федералдык сотторунда жана Манхэттен менен Бруклиндеги прокуратураларда расмий котормочу болуп иштеген.
Сот материалдарына караганда, Шестаков менен Фокиндин тааныштыгы 1980-жылдарга барып такалат. Экөөнүн тең мурдагы орусиялык медиа-магнат Владимир Гусинский менен байланышы бар. 2019-жылга чейин Шестаков Гусинскийдин атынан чыгарылган банктык карта менен ар түрдүү сатып алууларды жүргүзүп турган. Анын ичинде миңдеген долларга хоккей оюндарынын билеттерин алганы белгилүү болгон.
Гусинский да комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кайтарган жок.
"Эч кандай бизнес эмес"
АКШ прокуратурасынын маалыматына караганда, 2018-жылы Сергей Шестаков мурдагы ФБР кызматкери Чарльз Макгонигалды Евгений Фокин менен тааныштырган.
Ошол эле жылы апрелде АКШнын Каржы министрлиги Олег Дерипаскага санкция салган. Ага "Орусия өкмөтүндөгү жогорку кызматтагы расмий адамдардын атынан иш жүргүзгөнү же алардын атынан аракет кылганы" үчүн санкция киргизилген. Дерипасканын EN+ холдинги менен "Русал" алюминий компаниясы да ошол эле маалда санкцияланган.
Дерипаска — Орусиянын эң бай адамдарынын бири. Ал өз байлыгын 1990-жылдардагы башаламандыкта топтогон. Ал кезде ишкерлер өлкөнүн ири өнөр жай ишканалары, өзгөчө алюминий өндүрүшү үчүн күрөшкө түшкөн. Дерипаска байлыгы менен бирге Кремлге, өзгөчө президент Владимир Путинге жакын мамилеси бар.
АКШнын укук коргоо органдары аны 2000-жылдардын башынан бери эле көзөмөлдөп келишет. 2006-жылы ага АКШ визасы берилбей калган. Ошондон кийин Дерипаска республикачыларга жакын лобби компаниялар менен иштеше баштаган. Ал тургай, Дональд Трамптын 2016-жылкы шайлоо кампаниясында бир аз убакыт иштеген Пол Манафорт менен да бизнес долбоорлорго катышкан.
2022-жылдын сентябрында Дерипаскага АКШ санкцияларынан качууга аракет кылган деген айып менен кылмыш иши козголгон. Прокуратура ал жарандык никедеги аялын АКШга төрөт үчүн жөнөткөнүн, балага жарандык алып берүүнү көздөгөнүн билдирген.
EN+ жана "Русалга" карата санкциялар 2019-жылы алынып салынган. Бирок бул Дерипаска аталган компаниялардан расмий түрдө алыстагандан кийин гана болгон. Анын өзүнө карата салынган санкциялар күчүндө калган.
АКШ укук коргоо органдары Фокин Макгонигал менен Шестаковду жалдап, Дерипасканын атаандашы болгон дагы бир орусиялык металл магнаты Владимир Потанин тууралуу "компромат" издешкенин айтууда.
2018-жылы ФБРден отставкага кеткен Макгонигал кийинчерээк Фокиндин кызын Нью-Йорктогу полиция департаментине стажировкадан өткөрүүгө аракет кылган. Бул аракет полиция жетекчилигинин шектенүүсүн жараткан. Сот документтерине ылайык, Макгонигал Фокинди "эки тараптуу агент" катары тартууну көздөгөнүн билдирген.
2021-жылдын ноябрында ФБР Шестаковдун электрондук жабдууларын тинтүүгө алган. Ага чейин андан Фокин менен болгон байланышы жана "бизнес" карым-катнаштары тууралуу сурашкан.
"Жок, эч кандай бизнес жок", – деп жооп берген Шестаков.
Шерине