Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюму Кыргызстандын бийлигин “Клооп Медианын” кызматкерлери Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду токтоосуз бошотууга чакырды.
Уюм билдирүүсүндө күч кызматтарынын аракетин "журналисттерге басым кылуунун осол ыкмасы" деп сыпаттады.
"Процессуалдык бузуулар, мажбурлап моюнга алдыруулар, жалаа жабуу жана каралоо кампаниялары - кыргыз бийлиги тарабынан Kloopтун журналисттеринин оозун жабуу үчүн колдонулууда жана аларга чекит коюлушу керек. RSF көз карандысыз журналисттерди коркутуу аракетин кескин айыптайт жана президент Садыр Жапаровду аларды тез арада бошотууга чакырат", - деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Жанна Кавелье.
28-29-30-май күндөрү "Клооп Медиа" басылмасынын азыркы жана мурдагы 8 кызматкери, анын ичинде журналист, оператор, эсепчи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында суракка алынды. Айрым журналисттердин үйүндө, медианын кеңсесинде тинтүү жүрдү.
Басылманын оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалып, кийин эки айга камалды.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жарыялаган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну толук четке каккан.
“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин журналисттердин кармалышын мыйзамсыз деп атап, басылма ишин уланта берерин айтып, коомчулукка видео кайрылуу жасаган.
Human Rights Watch, Amnesty International жана башка он чакты эл аралык уюм “Клооп” басылмасынын кызматкерлери кармалышын сындап, кыргыз бийлигин аларды бошотууга чакырган.
Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын ал "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон.
Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн.
RSF уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 2025-жылы 180 өлкөнүн ичинен 144-орунда турат.(ZKo)