Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси 13-июнда билдирүү таратып, мекеме Израилдин Иранга, анын ичинде өлкөнүн ядролук жайларына сокку урганынан кабардар болгонун айтты.
Маалыматка караганда, агенттик өзөктүк ишкана, станциялардын абалын билүү, ядролук коопсузудукка жаралган ыктымал коркунучтарга баа берүү үчүн Ислам жумуриятынын тиешелүү органдары менен байланышта турат. Ирандын ядролук коопсуздук жаатындагы жетекчилери “Натанздагы уран байытуу ишканасы зыян тартканын, радиациянын деңгээли көтөрүлбөгөнүн, Исфахан жана Фордодогу объектилерге залака тийбегенин ырасташты”, - деп айтылат билдирүүдө.
Гросси чабуулга терең тынчсызданарын айтып, өзөктүк жайлар эч качан бутага алынбашы керектигин бир нече курдай эске салганын белгиледи. Себеби андай соккулар “адамдарга жана айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келип”, “ядролук коопсуздукка, регионалдык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө терс кесепет” тийгизиши мүмкүн.
12-июнда МАГАТЭнин башкаруучулар кеңеши Иран ядролук куралды жайылтпоо милдеттенмелерин аткарбай жатат деген резолюция кабыл алган. Гросси бул чечим менен катар кеңеш Тегерандын өзөктүк программасына байланышкан маселелер дипломатиялык жол менен чечилүүгө тийиш деген позицияны жактарын кошумчалады.
Тегеран резолюцияны сындап, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги уран байытуу боюнча жаңы ишкана коопсуз тилкеде ачыларын, жаңы муундагы замабап центрифугалар ишке киргизилерин билдирди.
Ислам жумурияты ядролук аракеттери аскердик эмес, жай турмуштук максаттарды гана көздөрүн айтып келет.
Батыш жана Израил Иран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенет жана андай аракеттерди алдын алууну көздөйт.