Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:44

Түркмөнстан Ирандан кайткан чет элдиктерди өз чек арасы аркылуу чыгарууда


Израилдин Иранга болгон чабуулунун кесепеттери.
Израилдин Иранга болгон чабуулунун кесепеттери.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги Иранда калган чет өлкөлүк жарандардын өлкөдөн коопсуз чыгышына көмөктөшүп жатканын билдирди.

Министрликтин 16-июнда жарыялаган расмий билдирүүсүндө, бүгүнкү күнгө карата Түркмөнстандын чек ара көзөмөл пункттары аркылуу Ирандан 120 адам чыгып кеткен. Алардын арасында Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары бар.

"Ирандан келгендерди транспорт, тамак-аш, мейманкана жана биринчи керектөөдөгү буюмдар менен камсыздоо иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Расмий Ашхабад Ирандагы кырдаалдын кескин начарлашына байланыштуу, бул өлкөдө жүргөн чет элдик дипломаттарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн жана башка жарандарды эвакуациялоого даярдык көрүү боюнча ыкчам чаралар кабыл алынарын кошумчалады.

Дүйшөмбүдө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирандагы жана Азербайжандагы элчиликтер менен бирге 28 кыргыз жаранын Азербайжанга өткөргөнүн билдирди.

Эвакуацияланган жарандар жакынкы күндөрү Кыргызстанга кайтып келет. Тышкы иштер министрлиги кайтаруу ишине Баку көмөктөшкөнүн белгилеген.

Иран менен Израилдин ортосундагы абал 13-июндан бери курчуп, эки өлкө бир-бирине сокку урууда. Соңку маалыматтар боюнча, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дай адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашык адам набыт болгонун билдирди.(AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG