Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:30

Айдоочулук күбөлүк алуудагы "083" маалымкаты онлайн бериле турган болду


Айдоочулук күбөлүк.
Айдоочулук күбөлүк.

Министрлер кабинети жүз күндүк реформасынын алкагында оор жүктөрдү ташууга уруксат берүү жана айдоочулук күбөлүк алуудагы 083 формасындагы медициналык маалымкатты даярдоо процесси жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу маалымат 16-июнда өкмөттүн сайтына жарыялады.

Буга чейин көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташуу үчүн уруксат алуу үч күнгө созулуп, көп иш кагаздарын жүргүзүү жана макулдук алууга туура келген. Мындай шарт логистикалык компаниялардын ишине терс таасир эткени үчүн бул мөөнөттү бир саатка чейин азайтуу тапшырмасы коюлган. Учурда бул процессти онлайн жүргүзүүгө шарт түзүлүп, уруксат берүү мөөнөтү бир нече саатка кыскарганы жазылган.

Ал эми айдоочулук күбөлүк алууда талап кылынган “083” медициналык маалымкатын алууда мурда бир жумага чейин убакыт кетип, ооруканага кеминде үч жолу барууга туура келген. Реформанын алкагында маалымкат алуунун мөөнөтүн бир аптадан эки күнгө чейин кыскартып, бул процессти онлайн форматка өткөрүү тапшырылган. Учурда бул кызмат “Түндүк” платформасына кошулду.

Кыргызстанда 1-майдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында “Түндүк” тиркемесинде бар маалымкат жана маалыматтарды кагаз түрүндө берүү жана талап кылууга тыюу салынган. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү оңойлоштуруп, кезек күтүүлөрдү азайтуу максатында кабыл алынганын Министрлер кабинети билдирген.

Маалыматта ошондой эле 1-июндан тартып мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жарандардан жана ишканалардан мамлекеттик жана муниципалдык маалымат базаларында жана маалымат системаларында турган маалыматтарды талап кылууга иш жүзүндө тыюу салынары жазылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG