Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Кыргыз жарандарына АКШга виза берилбей калышы мүмкүнбү?


АКШнын жана Кыргызстандын желеги. (Архивдик сүрөт)
АКШнын жана Кыргызстандын желеги. (Архивдик сүрөт)

Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын кыргызстандыктарга чектөө киргизиши мүмкүн деген маалыматына түшүндүрмө берүү үчүн АКШ элчилигинин консулун чакырарын жарыялады.

Анын алдында америкалык Washington Post басылмасы Дональд Трамптын администрациясы 36 өлкөнүн жарандарынын АКШга келишине тыюу салынары же чектөө киргизиле турганын жазган.

Аталган тизменин көпчүлүгүн Африка өлкөлөрү түзсө, алардын катарында Кыргызстан да бар экени айтылган. Кыргызстан бул тизмеге кирип калса эмне өзгөрүшү мүмкүн?

Washington Post эмне деп жазды?

Washington Post басылмасы 15-июнда Трамптын администрациясы жарандары АКШга кирүүгө тыюу салынган өлкөлөрдүн катарын кеңейтүү планы бар экенин жазды. Алардын айтымында, бул жаңы тизмеге дагы 36 мамлекет кошулушу мүмкүн. Мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып, кара тизмеге илине турган 36 өлкөнүн тизмесин да жарыялады.

Алар: Ангола, Антигуа жана Барбуда, Бенин; Бутан, Буркина-Фасо, Кабо-Верде, Камбоджа, Камерун, Конго Демократиялык Республикасы, Жибути, Доминика, Эфиопия, Египет, Габон, Гамбия, Гана, Кот-д'Ивуар, Либерия, Малави, Мавритания, Нигер, Нигерия, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Сан-Томе жана Принсипи, Сенегал, Түштүк Судан, Сирия, Танзания, Тонга, Тувалу, Уганда, Вануату, Замбия, Зимбабве жана Кыргызстан.

Басылма аталган өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга катчы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылган жана тизмеге илинген мамлекеттерге Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилерин жазган.

“Айрым өлкөлөрдө ишенимдүү жарандык күбөлүктөрдү же башка жарандык документтерди берүү үчүн жөндөмдүү же кызматташууга даяр борбордук мамлекеттик орган болгон эмес, же алар өкмөт тарабынан кеңири жайылган алдамчылыктан жабыр тартышкан. Башка өлкөлөрдө АКШдагы визаларынын мөөнөтү өтүп кеткен жарандардын саны көп экени документте белгиленген”, - деп жазган Washington Post .

Американын "кара тизмесине" кошулушу мүмкүн делген өлкөлөрдүн көбү Африкада, Кариб аймагында жана Тынч океан бассейнинде жайгашкан. Азыркы маалыматтар боюнча Борбор Азиядан Кыргызстан жалгыз болуп турат. Washington Post гезити расмий АКШнын мамлекеттик департаменти жана Ак үй расмий түшүндүрмө бере электигин да жазган.

15-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалымат боюнча билдирүү таратып, түшүндүрмө алуу үчүн АКШ элчилигинин консулу чакырыла турганын кабарлады.

Тышкы иштер министрлиги.
Тышкы иштер министрлиги.

“The Washington Post басылмасында жарыяланган маалыматка ылайык, жарандарга чектөө киргизилиши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кандай критерийлердин негизинде түзүлөрү Кыргыз Республикасы үчүн түшүнүксүз болуп калууда. Ушуга байланыштуу, бул маселелер боюнча расмий түшүндүрмө берүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине АКШ Элчилигинин консулу чакырылат”.

Азырынча АКШ Элчилигинин консулу Тышкы иштер министрлигине барган же барбаганы боюнча маалымат чыга элек.

Кесепети кандай болот?

Азыркы тапта АКШ 36 өлкө боюнча соңку чечимди кабыл алды деп айтууга болбойт. Washington Post жазгандай 36 мамлекет 60 күндүн ичинде Америка өкмөтүнүн мигранттарга байланыштуу талаптарын аткарып, жыйынтыгында "кара тизме" өзгөрүшү толук мүмкүн.

АКШ буга чейин өлкөгө жарандары киришине тыюу салынган жана чектелген 12 өлкөнүн тизмесин жарыялаган. Анда Борбор Азиядан тизмеге Түркмөнстан Кошмо Штаттарга кирүүгө жарым-жартылай чектөө киргизилген өлкөлөрдүн катарында кошулган.

Эми бул чөлкөмдөн экинчи мамлекет АКШнын тизмесине кошулуп калуу коркунучунда турат. Дональд Трамп кырдаалга жараша аталган тизмеге алымча-кошумча болуп турарын билдирген эле.

Айрымдар АКШга ар кандай жол менен барып, бирок визасы бүтсө да ошол жакта калып калган жарандардын айынан Кыргызстан "кара тизмеге" кошулганын жоромолдоп жатышат. Ошол эле учурда негизги себебин башкадан көргөндөр да бар.

Жарандык активист Мавлян Аскарбек мындай деди:

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

"Соңку жаңылык боюнча айталы. Анын бир нече себеби бар. Бирок анын негизги бир себеби бар. 2022-жылы Украинада согуш башталганы Орусиядан агылып келгендер көп болду. Ошолордун ичинен орус жарандары, олигархтары биздин паспортту ар кандай жол менен ит бекер алышты. Мындан тышкары орус компанияларынын "кыргыз паспортун алып беребиз, аны менен АКШга, Европага кетсеңер болот" деген жарнамаларды азыр да көрүп жатабыз. Башкы себеби ушул деп жоромолдоп жатам".

Мавлян Аскарбеков өзү да туристтик виза менен Америкада 15 күн жүрүп, 16-июнда Кыргызстанга кайтып келди. Ал АКШдагы соңку миграциялык саясатка байланыштуу аталган өлкөдө жашаган мигранттарда азыноолак чочулоо бар экенин айтып жатат. Ал эми Кыргызстандын жарандарына чектөө коюлушу мүмкүн деген жаңылык көптөгөн кыргызстандыктарга жаман кабар болгонун Аскарбеков жашырбайт.

“Эгерде Washington Post жазгандары ишке ашып кете турган болсо, анда АКШга барып иштейм, окууга барам, дарыланам, саякаттайм дегендерге виза алуу оорлошу мүмкүн. Мен 15 күндө Америкада иштеп жүргөн ондогон кыргызстандыктар менен сүйлөштүм. АКШда иштесең, Орусия жана башка мамлекеттерге караганда 10 эсе көп каражат табасың. Алар миллиондорду Кыргызстанга түз инвестиция кылып жатышат. Азыр АКШга барат элем деген жаштар аябай көп. Ошолордун максаттарына бөгөт коюлганы жатат", - деди Мавлян Аскарбеков.

Трамп президенттик экинчи мөөнөткө киришкенде миграциялык саясатты катаалдаштырарын убада кылып, бир нече жарлыкка дароо кол койгон.

Дональд Трамп президенттик биринчи мөөнөтүнүн маалында да 13 өлкөнүн жарандарына, алардын арасында Кыргызстанга дагы иммиграциялык виза берүүгө чектөө койгон. Кийин анын чечимин Жо Байдендин бийлиги жокко чыгарган.

АКШнын кара тизмеси, Бишкектин билдирүүсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00


  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG