УКМК 200 миң доллар пара алууга шектүү кызматкери иштен алынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, подполковник С.М. "ири өлчөмдөгү коррупцияга" айыпталууда, ал ишкердин тергөөгө байланыштуу көйгөйүн чечип берем деп 200 миң доллар өлчөмүндө пара алганы аныкталган.
Бишкекте “2ГИС” компаниясынын кеңсеси жабылып, эшигине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мөөрү басылды. Азырынча Кыргызстандагы картографиялык кызмат көрсөткөн бул ири компаниянын кеңсеси эмнеге жабылганы тууралуу так маалымат жок. “2ГИС” Орусияда негизделген компания.
Индияда 200дөн ашык жүргүнчүнү ташып бараткан учак кырсыкка кабылып, көп адам мүрт кетти. Украинанын экинчи ири шаары Харьков Орусиянын аба соккусуна кабылып, кеминде 16 адам жараат алды. Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганын айткан келиндин жолдошун эки аптадан кийин гана кармады.
Талас шаардык соту парламенттин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Ага коррупция боюнча айып тагылып, 2005-2010-жылдары айыл өкмөт болуп турган учурга байланыштуу экенин облустук милициядан ырасташты.
Кыргызстанда парламент депутаттарын шайлоо мыйзамы өзгөртүлдү. Президент Жапаров кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, өлкөдө бир мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлөт.
Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында мигранттарга, анын ичинде өзбек жарандарына күч колдонулган рейддерге байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, түшүндүрмө талап кылды. Анда окуяны тыкыр иликтеп, күч кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүү өтүнүчү коюлду.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга президент Жапаров кол койду.
Кыргызстандын экинчи ири калаасы Оштун башкы аянтынан 25 метр бийиктиктеги Владимир Лениндин айкелинин алынышына байланыштуу “Кыргызстан коммунисттери” партиясы өлкө бийлигине кайрылуу жолдоду. Алар Ош шаар бийлигинин аракетине укуктук баа берүүнү өтүнгөн.
Канышай Мамыркулованын иши боюнча эксперт-лингвист суралды. Эксперттин журналисттин соцтармактагы посттору боюнча чыгарган корутундусу бир топ суроону жаратып, айрым жагдайлар талашка түштү. Журналист өзүнө козголгон кылмыш ишинин маңызы жок экенин белгилеп, айыптарды четке какты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына үч кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Кой-Таш окуясы боюнча сот Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискациялоого өкүм кылды. Атамбаевдин тарапташтарына да ар кандай жаза мөөнөттөрү чегерилди.
Президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө казынасына 200 миллиард сомдон ашык акча, 1100дөн көп кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөнүн билдирди. Өткөн жыл соңунда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү каралган мыйзам кабыл алынган.
Дагы жүктөңүз