Израилдин Иранга урган соккусунан армиянын 20 жогорку кол башчысы каза тапканын Рейтер агенттиги аймактагы эки булакка таянып жазды. Кабарда айтылгандай, набыт болгондордун арасында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Хоссейн Салами жана корпустун Аба-космос күчтөрүнүн командачысы Амир-Али Хажизаде бар.
Ага чейин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Багери жана «Хатам аль-Анбия» базасынын башчысы Голам Али Рашид өлгөнү маалымдалган.
Андан тышкары Ислам жумуриятынын ядролук программасына катышкан бери дегенде алты өзөктүк окумуштуу мүрт кеткени белгилүү болгон.
65 жаштагы Салами бул кызматка 2019-жылы дайындалган. Маалымат каражаттары ал өлкөнүн каршылаштарына, анын ичинде АКШ менен Израилге катаң позиция ээлегени менен белгилүү болчу деп жазышат. Өткөн айда эле бул өлкөлөрдүн бири кол салса, Тегеран “тозоктун дарбазасын ачат” деп эскерткени бар.
2000-жылдардын башынан бери Ирандын ядролук жана аскердик программаларына катышкандыгы үчүн ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин жана Вашингтондун санкцияларына кабылган.
Ал ортодо ирандык Tasnim кабар агенттиги Кызыл ай коомунун Ирандагы өкүлү Можтаб Халедиге таянып, израилдик соккудан өлкөнүн 12 чөлкөмүндө аз дегенде 95 киши жарадар болгонун билдирди. Анын айтымында, басымдуу көбү ооруканаларга жеткирилди, 25 кишиге жеринде жардам көргөзүлдү. Халеди Чыгыш Азербайжан провинциясында бир куткаруучу каза болуп, дагы бирөө жабыркаганын кошумчалады.
Израил 13-июнда Ирандын ядролук жайларына, баллистикалык ракета чыгарган заводдоруна жана аскердик командачылык жайгашкан жерлерге сокку урганын, муну менен Тегерандын өзөктүк курал жасоосун алдын алууну көздөгөнүн билдирген.
Шерине