"2ГИС" орустардын акчасы, мээси менен түзүлгөн". Компаниянын табышмактуу жагдайы
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте “2ГИС” компаниясынын кеңсеси жабылып, эшигине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мөөрү басылды. Азырынча Кыргызстандагы картографиялык кызмат көрсөткөн бул ири компаниянын кеңсеси эмнеге жабылганы тууралуу так маалымат жок. “2ГИС” Орусияда негизделген компания.