Израил менен Иран ортосунда сокку уланууда, жабыркагандар саны өсүүдө

Тегерандагы сокку урулган жер, 13-июнь, 2025-жыл

Израил Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге сокку урганын 13-июнда жарыялады. Ошол эле күнү Израилдин өзүнүн аймагы Ирандын соккусуна кабылды. Бири-бирине каршы чабуулдар 14-июнга караган түнү да уланды.

14-июнга караган түнү да эки өлкө бири-биринин аймагы аткыланганын кабарлашты.

Израилдин Тез жардам кызматы Ирандын соккуларынан жабыркаган 21 кишиге жардам көрсөтүлүп жатканын, алардын бирөөнүн абалы оор экенин билдирди.

Иранда жалпысынан 78 өмүр кыйылганын, 320дай киши жараат алганын БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда ирандык өкүл кабарлады.

Израилдин аскер жетекчилиги Иран Израилге ондогон баллистикалык ракета атканын билдирди. Жарылуунун үндөрү жана аба сиреналары Иерусалим менен Тель-Авивде угулду.

Бир нече мүнөттөн кийин Тель-Авивдин үстүнөн коюу түтүн көтөрүлдү. Ирандык медианын маалыматына ылайык, Израилге жүздөгөн баллистикалык ракета атылды. Бул Тегерандын Израилдин соңку чабуулдарына берген алгачкы жообу катары бааланууда.

Жума күнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди. Ал Улуттар Уюмунан "эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча өз милдеттерин аткаруу үчүн шашылыш чара көрүүсүн" талап кылганын айтты.

Аракчи Telegram каналына Израилди "согуш отун тутантып жатат" деп айыптап, 13-июнда Ирандын өзөктүк жана аскердик объектилерине жасалган чабуулдарды "Ирандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузуу" катары мүнөздөдү.

Израилдин соккусунан Иран армиясынын 20 жогорку кол башчысы каза тапканын Рейтер агенттиги аймактагы эки булакка таянып жазды. Кабарда айтылгандай, набыт болгондордун арасында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы Хоссейн Салами жана корпустун Аба-космос күчтөрүнүн командачысы Амир-Али Хажизаде бар.

Ага чейин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Багери жана «Хатам аль-Анбия» базасынын башчысы Голам Али Рашид өлгөнү маалымдалган.

Андан тышкары Ислам жумуриятынын ядролук программасына катышкан бери дегенде алты окумуштуу мүрт кеткени белгилүү болгон.

Израил 13-июнда Ирандын ядролук жайларына, баллистикалык ракета чыгарган заводдоруна жана аскердик командачылык жайгашкан жерлерге сокку урганын, муну менен Тегерандын өзөктүк курал жасоосун алдын алууну көздөгөнүн билдирген.

“Алдын алуучу сокку”. Израил Иранга сокку урганын жарыялады

13-июнда таңга маал Израил Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге “алдын алуучу сокку урганын” жарыялады. Бул тууралуу Тегерандагы бир нече жарылуудан соң Израилдин Коргоо министрлиги билдирди.

Ирандын ядролук жайларына, баллистикалык ракета чыгарган заводдоруна жана аскердик командачылык жайгашкан жерлерге сокку урганын билдирген Израил муну менен Тегерандын өзөктүк курал жасоосун алдын алууну көздөгөнүн билдирди.

Израилдин Тегеранга аба соккусунан “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун” башкы командачысы Хоссейн Салами каза болгонун ирандык мамлекеттик Tasnim агенттиги жазды. Жалпысынан, Би-Би-Си кабарлагандай, Ирандын 20 чакты жогорку кызматтагы аскер командири набыт болду.

Кеминде алты окумуштуу көз жумганы, алар Ирандын өзөктүк программасы боюнча иштеген адистер болгону, баары шейит кеткени кабарланды.

Ирандын өзөктүк энергетика уюмунун мурдагы жетекчиси Ферейдун Аббаси жана Ислам Азад университетинин президенти, өзөктүк илимпоз Мохаммад Махди Техранчи да каза болгонун жергилкитүү медиа жазды.

Израилдин чабуулдарынан жараат алгандар кеминде 50 киши экени маалымдалды.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Израил жума күнкү сокку үчүн “катуу жазаланарын” эскертти:

“Сионист режими (Израил) бүгүн эртең менен карасанатай жана кандуу колун Иранга каршы кылмышка малды, өзүнүн бузуку табиятын көргөздү. Бул чабуул менен сионист режими өзүн ачуу тагдырга туш кылды, алар сөзсүз жооп берет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги өлкө “адилетсиз агрессияга кабылганын”, “аймактык бүтүндүгүнө жана улуттук суверенитетине шек келтирилгенин”, чабуулдарга “Тегеран жана башка шаарлардагы калк жашаган райондор туш болгонун” белгиледи.

Мекеме соккулар БУУнун Хартиясын бузуу болуп эсептелерин, ошол эле документтин “51-беренесине ылайык Ислам жумуриятынын агрессияга жооп берүүгө мыйзамдуу укугу бар” деп кошумчалады.

Тегеран БУУнун Коопсуздук кеңешин “эл аралык тынчтыкты бузуу жана глобалдык стабилдүүлүккө көлөкө түшүрүү” фактысына тез жооп берүүгө чакырды.

Израил армиясынын (ЦАХАЛ) басма сөз катчысы Эфи Дефрин түнкү чабуулда Израил Иранга каршы 200дөй кыргын салуучу учак (истребитель) колдонгонун, алар жалпысынан 100 жерди бутага алганын билдирди. Ал эми Иран, анын айтымында, күндүз Израилдин аймагына 100 дрон учурду, аскерлер аларды атып түшүрүү аракетин көрүштү.

Ал тапта Израилдин коргоо министри Исраэл Кац өз өлкөсүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын, Иран ракета жана дрондор менен сокку урушу мүмкүн экенин эскертти.

Reuters агенттиги Ирандын мамлекеттик медиаларына таянып, Тегерандын түндүк-чыгышында жарылуунун үнү угулганын кабарлады. BBC да Тегерандын жашоочуларынан жарылуулар тууралуу маалымат алганын жазууда.

CNN телеканалы АКШ президенти Дональд Трамп министрлер кабинетинин жыйынын чакырганын билдирди. Ал эми Wall Street Journal басылмасынын жазышынча, ушул аптанын башында Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамп менен сүйлөшкөндө Иранга сокку уруу маселесин көтөргөн.

Трамп сокку башталардан бир нече саат алдында Вашингтон дипломатиялык жөнгө салууга үмүттөнөрүн айтып, Израилди Иранга каршы сокку урбоого чакырган. Ал Ирандын өзөктүк программасы боюнча жакшы келишим жакындап калганын кошумчалап, эгер Тегеранга каршы чабуул жасалса ага жетишүү мүмкүнчүлүктөрү талкаланышы ыктымал экенин белгилеген.

Сокку башталгандан кийин Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШ бул операцияга катышпаганын билдирди. Анын айтымында, Израил Вашингтонду мындай кадамга өзүн коргоо максатында барганы тууралуу маалымдады.

Дүйнө өлкөлөрүнүн реакциясы

АКШнын президенти Дональд Трамп жума күнү Иранды ядролук программасы боюнча келишимди “кеч боло электе” түзүүгө чакырды.

“Көптөгөн өлүм менен кыйроолор болду. Бирок кан төгүүнү токтотуу үчүн убакыт бар, себеби болочок пландалган соккулар мындан да катаал болот”, - деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагына.

Америкалык лидер Иранга бир нече жолу мүмкүнчүлүк бергенин, Израилде АКШда жасалган кыйратуучу курал-жарак көп экенин, мындан да көп болорун эскерткенин белгиледи.

Ал арада Би-Би-Синин орус кызматы Ирандын телеканалына шилтеме менен Ислам жумурияты АКШ менен өзөктүк сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартканын жазды.

Маалыматка караганда, америкалык бийлик бул чечимди азырынча комментарийлеген жок. Ал эми Израилдин Иранга урган соккуларынан кийин сүйлөшүүлөрдү улантуу сунушу күчүндө кала бергенин билдирген.

Келаткан жекшембиде Омандын борбор шаарында сүйлөшүүлөрдүн алтынчы раунду өтмөк.

НАТО боюнча өнөктөштөрдүн Жакынкы Чыгыштагы абалдын деэскалациясы үстүнөн иштөөсү абдан маанилүү. Бул тууралуу жума күнү альянстын башкы катчысы Марк Рютте айтты:

“Бул – Израилдин бир тараптуу аракети болду. Андыктан, менимче, көптөгөн өнөктөштөр, анын ичинде АКШ үчүн чыңалууну ушу тапта басаңдатуунун үстүнөн иштөө маанилүү. Алар муну кылып жатат. Бул - күндүн башкы талабы деп ойлойм”, - деп айтты Рютте Швециянын премьер-министри менен пресс-конференцияда.

НАТОнун мүчөсү Франция тараптарды карманууга чакырып, ошол эле маалда Израилдин өзүн чабуулдардан коргоо укугу бар экенин, Париж Ирандын ядролук программасына байланыштуу көптөн бери камтамасын айтып келгенин белгиледи.

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жума күнү эртең менен аны аскердик аракеттер жана соккулардын максаты тууралуу кабардар кылганын билдирди. Мерц Иран ядролук куралга ээ болбош керек деген максат кала бергенин айтты.

НАТОнун дагы бир мүчөсү Түркия Израилдин аба соккусун “катуу айыптап”, аны эл аралык мыйзамдарды бузган жана аймактагы абалды ого бетер курчуткан чагым деп сыпаттады.

Түрк Тышкы иштер министрлиги чабуул “Израил маселелерди дипломатиялык жол менен чечүүнү каалабасын” көргөздү деп эсептейт. Мекеме “ири жаңжалга алып келиши мүмкүн болгон агрессивдүү аракеттерди” токтотууга чакырды.

Британ премьер-министри Кир Стармер Израилдин соккусу тынчсыздануу жаратарын, тараптар чыңалууну басаңдатуу үчүн аракет көрүүгө тийиш экенин айтты.

Кытай Израилдин Иранга урган соккусуна жакындан байкоо салып турганын билдирди жана тараптарды регионалдык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө доо кетирбегидей аракеттенүүгө үндөдү.

Региондогу мамлекеттер өз реакциясын билдирип, Катар Израилдин соккусун айыптап, аны Ирандын суверенитетин жана коопсуздугун “көз көрүнө бузуу” деп атады.

Бириккен Араб Эмираттары Ирандын бутага алынышын айыптап, регионалдык коопсуздукка коркунуч жаралышы мүмкүн деген кооптонуусун ортого салды.

Египет Жакынкы Чыгыштагы абалга жакындан байкоо салып жатканын жана стратегиялык товарлардын запастарын көбөйтүп жатканын маалымдады.

Орусия Израил менен Иран ортосундагы кескин чыңалууну айыптады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Тышкы иштер министрлиги президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен жакын арада кеңири билдирүү жасайт, ал андан ары БУУда таратылат.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси 13-июнда билдирүү таратып, мекеме Израилдин Иранга, анын ичинде өлкөнүн ядролук жайларына сокку урганынан кабардар болгонун айтты.

Маалыматка караганда, агенттик өзөктүк ишкана, станциялардын абалын билүү, ядролук коопсузудукка жаралган ыктымал коркунучтарга баа берүү үчүн Ислам жумуриятынын тиешелүү органдары менен байланышта турат. Ирандын ядролук коопсуздук жаатындагы жетекчилери “Натанздагы уран байытуу ишканасы зыян тартканын, радиациянын деңгээли көтөрүлбөгөнүн, Исфахан жана Фордодогу объектилерге залака тийбегенин ырасташты”, - деп айтылат билдирүүдө.

Гросси чабуулга терең тынчсызданарын айтып, өзөктүк жайлар эч качан бутага алынбашы керектигин бир нече курдай эске салганын белгиледи. Себеби андай соккулар “адамдарга жана айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келип”, “ядролук коопсуздукка, регионалдык тынчтыкка жана стабилдүүлүккө терс кесепет” тийгизиши мүмкүн.

МАГАТЭнин резолюциясы, Ирандын жообу

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкаруучулар кеңеши Иран ядролук куралды жайылтпоо милдеттенмелерин аткарбай жатат деген резолюция кабыл алган. 12-июнда кабыл алынган чечим БУУнун Ислам жумуриятына каршы санкцияларын жандандырууга жол ачышы мүмкүн экени белгиленген. 35 мүчөдөн турган кеңештин жыйынында АКШ, Британия, Франция жана Германия сунуш кылган документти 19 киши колдоду, үчөө каршы добуш берди, 11и калыс калды. Ушундай резолюция акыркы жолу 2005-жылы кабыл алынган.

Тегеран бул чечимди сындап, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги уран байытуу боюнча жаңы ишкана коопсуз тилкеде ачыларын билдирген.

Резолюцияда Иран расмий жарыяланбаган өзөктүк материалдар жана жайлар жаатында агенттик менен кызматташуу милдеттенмесин 2019-жылдан бери аткарбай келатканы жазылган.

Ислам жумурияты МАГАТЭнин аткаруучу кеңешинин жаңы кадамы АКШ менен ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөрүнүн 5-айлампасын өткөрүүгө кандай таасир этерин айткан жок.

Ирандын коргоо министри Азиз Насирзаде сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурап, АКШ менен кагылышуу чыгып кетсе, Тегеран аймактагы америкалык базаларга сокку урарын эскерткен.

Ирандын БУУдагы миссиясы 11-июнда X (мурдагы Twitter) баракчасына билдирүү жарыялап, “курал колдонууга коркутуу фактыларды өзгөртпөйт: Иран өзөктүк куралга умтулбайт, АКШнын аскерий агрессиясы гана туруксуздукту күчөтөт” деп жазган.

Иран менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок

Талдоочулар өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдө оң жылыш болбогондуктан АКШ менен Ирандын ортосунда чыңалуу жаралганын, ошого байланыштуу жалпы аймакта бир катар аракеттер жүрүп жатканын жазышкан.

Мисалы, АКШ Ирактагы “дипломатиялык кызматкерлеринин санын кыскартары” тууралуу маалыматты Мамлекеттик департамент ырастаган. АКШдагы жана Ирактагы булактар Багдаддагы элчиликтин кызматкерлерин эвакуациялоо иши аймактагы коопсуздук маселесине байланыштуу экенин айтышкан. Ак үй да бул кабарды ырастаган, бирок Ирактагы дипломаттардын канчасы чыгып кетери тууралуу тактаган эмес.

АКШ администрациясынын атын атабаган өкүлү Reuters агенттигине билдиргендей, коргоо министри Пит Хегсет айрым өлкөлөрдө кызмат өтөп жаткан аскерлердин үй-бүлө мүчөлөрүнө чыгып кетүүгө уруксат берди. Бул өлкөлөр - АКШнын Борбордук командачылыгынын жоопкерчилик зонасына кирген Катар же Бахрейн болушу мүмкүн.

Ирактагы АКШ элчилигинде “чектелген эвакуация” башталганын өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү да тастыктады. Анын айтымында бул чечим “коопсуздук маселесине жаралган коркунуч” менен түшүндүрүлөт.

Шаршембиде АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран уранды байытуудан баш тартууга көнөт деген ишеними акталбай жатканын билдирген.

АКШ президенти Дональд Трамп.

"Мен буга чейин ишенип жүргөм, бирок күн өткөн сайын ишенимим азайып баратат. Алар убакытты созуп жатышат. Бул – өкүнүчтүү”, — деди ал. Мунун алдында АКШ лидери: “Алар өзөктүк куралга ээ боло албайт. Эч качан”, — деп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.

Вашингтон сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаса Тегерандын өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербөө үчүн чара көрөрүн, керек болсо сокку урарын четке каккан эмес. Иран бийлиги мындай мүдөөсү жоктугун билдирүүдө. Ошол эле учурда алар уранды байытууну токтото албай турганын айтууда.

Вашингтон сунуштаган соңку долбоорду жогорку лидер Али Хаменеи “Ирандын улуттук кызыкчылыктарына 100 пайыз каршы келет” деп баалаган.

Аятолла Али Хаменеи.

"Биз кызыкчылыктарыбызды "биз кыла алабыз” деген принциптин негизинде коргоп жатабыз. Омандын ортомчулугу менен өтүп жаткан соңку өзөктүк сүйлөшүүлөрдө АКШнын бардык сунуштары ушул принципке 100 пайыз каршы келет. Өзүн бийик койгон америкалык лидерлер ар кандай формада өз талаптарын кайталап келишет. Алар Ирандын өнүгүшүнө каршы турууда", -деген ал өткөн аптада.

Расмий Тегеран 15-июнга карата Омандын борбору Маскатта АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын өткөрүүнү сунуштаган. Бул жолугушууга АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи катышары мүмкүн экени айтылган.

Дагы караңыз АКШ-Иран: Өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр

АКШнын аскердик базалары жана Израилдин даярдыгы

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын Жакынкы Чыгыш боюнча жооптуу башчысы, генерал Майкл Курилла Өкүлдөр палатасынын жыйынында Иранга сокку уруу планын даярдаганын билдирген. Аны коргоо министри Пит Хегсетке жана президент Дональд Трампка тапшырган.

Бул базалар Кувейтте, Катарда, Бахрейнде, Бириккен Араб Эмираттарында жана Иракта жайгашкан. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, Катардагы эң ири база ал-Удейдде азырынча өзгөрүү жок. Кызматкерлер же алардын үй-бүлөлөрүнө эвакуация тапшырмасы берилген эмес.

Ошол эле кезде Израил сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураса Ирандагы өзөктүк объектилерге сокку урууга даяр экенин жашырбай келген.

Би-Би-Си радиосу Иерусалимдеги булактарына таянып, апрелдин аягынан бери Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Коргоо министри Исраэл Кац жана аты-жөнү айтылбаган ЦАХАЛдын (Израил коргонуу армиясы) өкүлү бир нече кеңешме өткөргөнүн жазды. Маалыматка караганда, ал жолугушуулардын алкагында Иранга сокку уруу ыктымалдыгы талкууланган.

Америкалык бир нече маалымат каражаты да Израилдин чабуулу болушу ыктымалдыгын ишарат кылышкан. NBC телеканалы бул боюнча Израилге АКШ жардам көрсөтүп жаткандыгы тууралуу эч кандай далил жок экенин жазган.

Ошол эле кезде айрым эксперттер АКШнын Жакынкы Чыгыштан дипломаттарын эвакуациялап жатканын Вашингтон Израилге тоскоолдук жаратпай турганынан кабар берерин белгилешкен.


Дагы караңыз Ирандын өзөктүк консорциум түзүү сунушу, Батыштын эскертүүсү

Тегерандын дүйнөдөгү ири алты держава (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ жана Германия) менен өзөктүк сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталган. 2015-жылы ортодо түзүлгөн келишимге ылайык, Иран программасын чектемек, ага жооп катары АКШ Тегерандан экономикалык санкциялардын көбүн алып салмак. 2018-жылы АКШ ошол кездеги да президенти Дональд Трамптын демилгеси боюнча аталган келишимден чыгып кеткен.

Ал өзү жана ошол кездеги администрация өкүлдөрү Иранды "баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин маңызын бузду” деп айыптап жүрүшкөн.

Трамп ошондой эле бул макулдашуунун алкагында Тегерандан алынган санкцияларды кайра калыбына келтирген.

Кыргызстандын тынчсыздануусу жана жарандарына эскертүүсү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

“Кыргызстан түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында тараптарды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө жана аймактагы абалды андан ары курчутуп жиберүүсү мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырат”, - деп жазылган дипломатиялык мекеменин 13-июндагы билдирүүсүндө.

Министрлик мунун алдында Ирандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырган:

"Мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин расмий маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталат.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жана консулдук жардам алуу үчүн Ирандагы элчиликтин ыкчам байланыш номерлери : +98 935 250 52 26; +9821 228-303-54 жана КР ТИМдин ыкчам байланыш +996999312002 номерлери аркылуу кайрылууну өтүнөбүз", - деп айтылды.