Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39
Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Зеленский Сумыда "душман токтотулганын" айтты

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:51

Украин президенти Владимир Зеленский орус аскерлери Днепропетровск облусунун аймагына киргени тууралуу маалыматты четке кагып, алардын Сумы облусунун түндүк-чыгышындагы чабуулдарына бөгөт коюлганын, алдыга жылышы токтотулганын 14-июнда билдирди.

Фронттун Сумы багытында позициялар дээрлик теңелип калганын айткан Зеленский бул аймакка чектеш тилкеде 53 миңдей орус аскери турганын, кармаш чек араны бойлой 7 чакырым алыс жерде жүрүп жатканын, "душман токтотулганын" кошумчалады.

Днепропетровск облусунда, анын айтымында, кармаш уланууда, бирок "орус аскерлеринин алдыга жылуусу катталган жок".

Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери Донбасстын административдик чек арасынан өтүп, Днепропетровск облусунун аймагына кирип барышканын 8-июнда билдирген.

20:10 13.6.2025

13-июнга караган түнү Орусия Украинанын аймагын жалпысынан 55 учкучсуз учак менен аткылады. Бул тууралуу украин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алардын 28и атып түшүрүлдү.

Бейшемби күнү Запорожье облусунда авиа соккуга кабылган аймакта жараат алган төрт кишинин бирин сактап калуу мүмкүн болбогонун облустун аскердик администрация башчысы Иван Федоров билдирди. Каза тапкан киши 60 жаштагы жергиликтүү тургун болгону, жараат алгандар 65, 62 жана 58 жаштагылар экени, бир нече үй зыян тартып, айрым жерлерде өрт тутанганы кабарланды.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов буга чейин дайыны табылбай жаткан тургундардын биринин сөөгү Орусиянын соккусунан кийин талкаланган имараттын урандысынын астынан табылганын 13-июнда маалымдады. Жарандык ишкананын имаратына 7-июнда сокку урулган, ал жерде үч киши мүрт кетип, 17 киши жараат алган.

Ал тапта Орусия 13-июнга караган түнү Украинанын согуштук дрондорунун соккусуна кабылганын маалымдады. Өлкөнүн Коргооо министрлиги билдиргендей, 125 учкучсуз учак (алардын 70и аннексияланган Крымда, 15и Орел, 11и Курск жана Саратов, 9у Белгород облустарында, калгандары Кара деңиздин акваториясында) атып түшүрүлдү.

19:55 13.6.2025

Украинанын согуш туткундарынын маселеси боюнча координациялык борбору 13-июнда Орусиядан дагы 1200 кишинин сөөгүн кабыл алганын, орус тарап алардын баары украин жараны, арасында аскер кызматкерлери да бар деп тапшырып бергенин билдирди.

Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү жана эксперттери ар бир сөөктү идентификация кылып чыгары маалымдалды.

Орусиялык Телеграм каналдар бул жолу айырбаштоо эмес, сөөктөрдү украин тарапка өткөрүп берүү гана болгонун жазышты.

2022-жылы февралда Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери алгачкы жолу эки өлкөнүн расмий делегацияларынын бетме-бет сүйлөшүүсү быйыл 16-майда Стамбулда өткөн, жыйынтыгында 1000/1000 форматында туткун айырбаштоо макулдашылган. Экинчи сүйлөшүү 2-июнда өттү, анда да айырбаштоону улантуу тууралуу сөз болгон. Эки күн мурда Орусия согушта каза тапкан украиналык 1212, ал эми Украина орусиялык 27 аскер кызматкеринин сөөгүн өткөрүп берген.

12-июнда тараптар оор жараат алган, ооруп жаткан туткундарды айырбаштоо жүргөнүн билдиришти, бирок так санын айтышкан жок.

19:46 8.6.2025

Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан кеминде 14 жайкын тургундун өмүрү кыйылганын өлкөнүн полиция кызматы 8-июнда билдирди. Эң оор соккуга Харьков, Херсон жана Донецк облустары туш болгону, каза тапкандардан тышкары 68 киши жараат алганы кабарланды.

Ракета, башкарылуучу авиабомба, согуштук дрон менен аткыланган Харьков облусунда алты өмүр кыйылганы, жараат алгандардын экөө балдар, алардын бири 1,5 айлык ымыркай экени, Донецк облусунда төрт киши каза болгону, үйлөр, имараттар талкаланганы, Херсон облусунда да төрт өлүм катталганы маалымдалды.

Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушу 2022-жылы февралда башталган. Бул өлкөнүн жетекчилиги Украинанын шаар-кыштактары, жарандык инфраструктурасы атайылап талкаланып, жайкын тургундар өлтүрүрүп жатканын тууралуу айыптоолорду четке кагууда.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын чабуулдарын аскердик кылмыш деп кароо керек деп эсептешет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG