Нарын: өкмөт башчы жол курулушун сынга алды
Премьер министр Сооронбай Жээнбеков 15-июлда Нарын облусунда болду. Бир күндүк иш сапардын алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун оңдоо иштери менен менен таанышып, иштин сапатсыз жүрүп жаткандыгын сынга алды. Узундугу 500 чакырымдан ашкан Бишкек - Нарын - Торугарт жолун эл аралык донорлор жана Кытайдын бир нече компаниясы курууда. Жолдогу курулуш 2010-жылдын жаз айында башталган. Азырынча жолду оңдоого жалпы чыгымдын суммасы так айтыла элек.
Чыгарылыштар
-
Июнь 12, 2025
Индиядагы учак кырсыгы: Эки жүздөн ашуун адам мүрт кетти
-
Июнь 12, 2025
90 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат
-
Июнь 11, 2025
Украина менен Орусия туткундарды алмашты