Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева былтыр ага кайрылгандардын басымдуу бөлүгү укук коргоо жана сот органдарынын ишине нааразы болуп, даттанышканын билдирди.
УКМК 200 миң доллар пара алууга шектүү кызматкери иштен алынганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, подполковник С.М. "ири өлчөмдөгү коррупцияга" айыпталууда, ал ишкердин тергөөгө байланыштуу көйгөйүн чечип берем деп 200 миң доллар өлчөмүндө пара алганы аныкталган.
Индияда 200дөн ашык жүргүнчүнү ташып бараткан учак кырсыкка кабылып, көп адам мүрт кетти. Украинанын экинчи ири шаары Харьков Орусиянын аба соккусуна кабылып, кеминде 16 адам жараат алды. Ош облустук милициясы күйөөсү сабаганын айткан келиндин жолдошун эки аптадан кийин гана кармады.
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай калган абалга жеткенин айтып "Азаттыкка" кайрылды.
Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеванын аброюна шек келтирген блогер Айбек Уланов Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды. Буга чейин коомчулук, активисттер анын мыйзам алдында жоопко тартылуусун талап кылышкан.
Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзиректин аброюна шек келтирген блогер, активист Айбек Уланов кармалды. Коомчулук маркум келинди мазактаган блогердин жоопко тартылышын талап кылууда.
“Кайратмандыгы жана позитивдүү көз карашы менен бардык кыйынчылыкты жеңип, башкаларга шык берет”. Бишкекте өзгөчө балдардын ата-энелери Аман Темирлановду дал ушинтип сыпатташат. Өзү церебралдык шал оорусунан жабыркаган бул жигит борбор калаада балдарды укалаган физиотерапевт дарыгер болуп иштейт.
26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда беш балалуу келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү аялдар кабылган зомбулук темасын кайра козгоду. 38 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып күйөөсү камалды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы эркектерге кайрылып, аялдарды коргоого үндөдү.
26-майда Кара-Кулжа районунда беш балалуу келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү кыргыз коомундагы аялдарга карата зомбулук темасын кайра козгоду. Күйөөсү жубайын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирүү таратты.
Төрт жыл мурда ооруканада дарыланган наристеге ВИЧ инфекциясы жуккан болушу мүмкүн деген маалымат парламентте көтөрүлдү. Саламаттык сактоо министрлиги түзгөн атайын комиссия 600дөн ашык кишини текшерген, бирок инфекциянын булагы алигиче аныктала элек.
Дагы жүктөңүз