Украинанын согуш туткундарынын маселеси боюнча координациялык борбору 13-июнда Орусиядан дагы 1200 кишинин сөөгүн кабыл алганын, орус тарап алардын баары украин жараны, арасында аскер кызматкерлери да бар деп тапшырып бергенин билдирди.
Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү жана эксперттери ар бир сөөктү идентификация кылып чыгары маалымдалды.
Орусиялык Телеграм каналдар бул жолу айырбаштоо эмес, сөөктөрдү украин тарапка өткөрүп берүү гана болгонун жазышты.
2022-жылы февралда Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери алгачкы жолу эки өлкөнүн расмий делегацияларынын бетме-бет сүйлөшүүсү быйыл 16-майда Стамбулда өткөн, жыйынтыгында 1000/1000 форматында туткун айырбаштоо макулдашылган. Экинчи сүйлөшүү 2-июнда өттү, анда да айырбаштоону улантуу тууралуу сөз болгон. Эки күн мурда Орусия согушта каза тапкан украиналык 1212, ал эми Украина орусиялык 27 аскер кызматкеринин сөөгүн өткөрүп берген.
12-июнда тараптар оор жараат алган, ооруп жаткан туткундарды айырбаштоо жүргөнүн билдиришти, бирок так санын айтышкан жок.