Иран: Израилдин соккусунан аскердик кол башчы, окумуштуулар каза тапты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израил Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге сокку урганын жарыялады. Андан Ирандын “Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун” башкы командачысы жана өзөктүк программасы боюнча иштеген кеминде алты окумуштуусу каза болгону кабарланды. Ондогон киши жаракат алды. Ирандын жетекчилиги Израил жума күнкү сокку үчүн “катуу жазаланарын” эскертти. Бир катар өлкөлөр Израилдин соккусун айыптап, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун күчөшүнө тынчсыздануусун билдирип жатышат.