Бишкектеги “2ГИС” компаниясынын кеңсесинин эшигине мөөр басылып, жабылды. Мөөр басылган кагазда кеңсени Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери 10-июнда жапканы жазылган.
Бул тууралуу атайын кызмат өзү расмий маалымат бере элек.
“2ГИС” компаниясы кеңсесинин жабылганы боюнча комментарий бере элек жана чалууларга жооп бербей жатат.
"2ГИС" - 1999-жылы Орусияда негизделген картографиялык кызмат көрсөткөн портал. Ал Кыргызстанда 2015-жылдан бери иштеп жатат.
Ачык булактардагы маалыматка караганда, 2020-жылдан бери Орусиядагы компаниянын 75% акциясы “Сбербанк” банкына таандык.
Орусиянын Украинага каршы ачкан согушунан улам АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британия орусиялык коммерциялык банктардын катарында “Сбербанкка” да санкция салган.
Былтыр 20-августта Кыргызстандын Улуттук банкы жергиликтүү коммерциялык банктарга Батыш мамлекеттеринин “кара тизмесине” кирген каржы мекемелери менен кызматташууну токтотууну эскерткен. Мындан кийин бир нече банк орусиялык “Сбербанк” менен операцияларын токтотконун расмий жарыялаган.