Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Индиянын Ахмедабад шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган учакта кыргызстандыктар болбогонун билдирди.
Кырсыктан кийин жабыркаган же каза тапкандар боюнча дипломатиялык мекемеге кайрылгандар болгон жок. Индиядагы элчилик кырдаал боюнча жергиликтүү мекемелер менен байланышып турганы маалымдалды.
12-июнда Air India авиакомпаниясынын Лондонго бет алган Boeing 787-8 Dreamliner учагы асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй кулаган. Бортто 242 киши болгонун, алардан бир киши аман калганы такталганын жергиликтүү басылмалар жазууда.
AFP агенттиги калаа полициясынын башчысына таянып жазганына караганда, учак кеңселер, үйлөр орун алган жерге кулагандыктан каза тапкандардын саны мындан көп болушу мүмкүн.
Индиянын Медициналык ассоциациясы лайнер жергиликтүү дарыгерлер жана медик-студенттер турган жатаканага ураганын, 50-60 киши ооруканаларга жеткирилгенин билдирди. Бир нече киши дайынсыз болууда.
Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Эксперттер аэропорттун айланасындагы аба ырайы жакшы болчу деп айтууда.
Air India окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын Х социалдык тармагына жазды.
Авиакомпания билдиргендей, борттогу 242 кишинин 169у Индиянын, 53ү Британиянын, жетөө Португалиянын жана бирөө Канаданын жараны болчу.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Ахмедабаддагы “жүрөк ооруткан” трагедия “нес абалда калтырганын” социалдык медиага жазды.
Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер Лондонго бет алган жана көптөгөн британ жарандарын ташып бараткан “учак кулаган жердеги көрүнүштөр үрөй учурарын” айтты.
Буга чейин Индияда ири авиакырсык 2020-жылы августта болгон. Air India Express авиакомпаниясынын Boeing-737 учагы конуу тилкесинен чыгып кеткенде 21 киши өлгөн.