22 жаштагы тажикстандык Алишер Махсудов экстремизм жана жалданмачылык үчүн 14 жылга кесилди

Алишер Махсудов

Тажикстандын жараны, 22 жаштагы Алишер Махсудов экстремизмге жана жалданмачылыкка айыпталып, 14 жылга кесилди. «Озоди» радиосу жакындарына шилтеме кылып жазганына караганда, ал айыбын кечүү убадасынан кийин мекенине кайтып келген.

18 жашынан бери Махсудов Орусияда эмгек миграциясында жүргөн, Москвадагы «Садовод» базарында иштечү. Кийин орус жергесинде кысымга туш болуп, Германияга кеткен, бирок башпаанек алуу арызын четке кагышканда Өзбекстанга бет алган.

Анын үй-бүлөсү айыптар негизсиз тагылганын, тажик Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү ыктыярдуу кайтып келсе ырайым берилет деп убада кылышканын айтууда. Бирок башкалаага келери менен ал камакка алынган. Махсудов салафилер менен байланышта болгон жана Сириядагы куралдуу кармашка катышкан деп күнөөлөнүп жатат.

Жакындары айтып бергендей, аны менен бир бөлмөдө жашаган бир нече киши кармалып, тажик бийлигине өткөрүлүп бергенде Махсудовдун атын аташкан. Үй-бүлөсү сотто коргоо тараптын күбөлөрү суралбаганын, отурум жабык өткөнүн айтышат.

Human Rights Watch жана башка укук коргоочу уюмдар Тажикстанда экстремизмге байланышкан соттордун жабык өтүшүнө тынчсыздануусун билдирип келишет.

Махсудов Душанбенин райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляция берери кабарланды.

Дагы караңыз

Пакистан өкмөтү апрелден бери 200 миңден көп ооганды депортациялады"Орусиянын бир да объектине бизде орун жок". Украина Крым көпүрөсүнө чабуул койдуЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев кайра камалды