11 журналисттин жетөө абактан чыкты
Президент Садыр Жапаров Бишкекте кармалган алты киши тууралуу билдирүү жасап, аларды "шантажчы", "аферист" деп атады. “Мекенчил” партиясынын тарапташтары президенттин иш башкаруучусун айыптаган соң "бейбаштыкка" шектелип кармалган эле. Сот жапырт кармалган 11 журналисттин дагы төртөөнү үй камагына чыгарды. Мурдараак дагы үчөө бошотулган, бирок дагы төрт журналист камакта кала берүүдө. Казакстандагы суу ташкынынан Атыраудагы Күлсары шаары эң көп жапа чекти. Анда 2 жарым миңдей турак-жай суу астында калып, 30 миңден ашуун адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Чыгарылыштар
-
Июнь 12, 2025
Индиядагы учак кырсыгы: Эки жүздөн ашуун адам мүрт кетти
-
Май 30, 2025
Айзиректин өлүмү: Кыз-келинди ким коргойт?