Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:40

Түз ободо Украинанын аймактары жаңы чабуулдарга кабылды

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

10:03 2.6.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аэродромдоруна чабуул жасоого 1,5 жыл даярдык көрүлгөнүн билдирди. Ал жекшембидеги кечки кайрылуусунда "Желе" деп аталган атайын операциянын чоо-жайын айтып берди. Анда чабуул жасоого жалпысынан 117 дрон коллдонулганын маалымдады.

"Эң кызыгы, муну азыр эми ачык айта берсе болот, биздин операциясынын "кеңсеси" Орусиянын облустарынын бириндеги Федералдык коопсуздук кызматынын башкармалыгынын так эле жанында болчу. Канча дрон болсо ошонун баары колдонулду. Аэродромдордогу канаттуу ракеталарды алып жүргөн учактардын 34% жабыркады. Биздин адамдар Орусиянын үч башка аймагында иштеди",-деди Зеленский.

Буга чейин украин тарап согушта колдонулган 40тай учак жок кылынганын билдирген.

1-июнда Орусиянын Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязан жана Амур облустарындагы аэродромдорунда жарылуулар болгон. Анда жүк жүктөөчү машиналарда катылган дрондор учурулуп, чабуул жасаганы маалымдалган.

Соцтармактарда жарыяланган видеолордон тизилип турган бир нече учак күйүп жатканын көрүүгө болот.

Орусия бул окуяларды теракт деп жарыялаган. Коргоо министрлиги аэродромдор бутага алынганын тастыктап, бул үчүн Украинаны айыптаган.

Мунун алдында, 31-майда кечинде Брянскиде Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болгон, 70тен ашык адам жараат алган, үчөөнүн абалы оор экени кабарланган. 1-июнга оогон түнү Курскиде товар ташыган поезд өтүп баратканда темир жолдогу көпүрө кыйрап, үч адам жараат алган. Орусия бул окуяларды дагы теракт катары мүнөздөгөн.

22:52 1.6.2025

Орусиянын Коргоо министрлиги аэродромдор бутага алынганын тастыктап, бул үчүн Украинаны айыптады жана чабуулдарды теракт деп атады.

Мекеменин 1-июндагы билдирүүсүндө FPV дрондор Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязан жана Амур облустарындагы аэродромдорго чабуул койгону айтылды. Иваново, Рязан жана Амур облустарындагы чабуулдардын баарынын мизи кайтарылганы маалымдалды.

Ал эми Иркутск жана Мурманск облустарында бир нече авиациялык техникада өрт тутанганы айтылды, бирок канча учак жабыркаганы так кабарланган жок.

Адамдар арасында кимдир бирөө жараат алганы тууралуу да маалыматтар жок.

Интернетте тараган видеолордон тизилип турган бир нече учак күйүп жатканын көрүүгө болот.

Иркутск облусу
Иркутск облусу


17:58 1.6.2025

1-июнда Орусиянын айрым аймактарында авиабазаларга чабуул жасалганын Телеграм каналдар маалымдап жатат. Дрондор Мурманск жана Иркутск облустарындагы авиабазаларды бутага алганы кабарланууда. Baza жана башка каналдар жазгандай, күбөлөр билдиргендей, Мурманскиде "Оленья", Иркутскиде "Белая" деп аталган аба базаларына согуштук дрондор оор жүк ташуучу фуралардан учурулду.

Рязан облусунда "Дягилево" жана Иваново облусунда "Иваново" аэродромдору аткыланганы кабарланууда.

"РБК-Украина" Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү булактарына таянып жазгандай, Орусиянын аэродромдоруна жасалган бул чабуулдарды украин тарап "душмандын бомбалоочу авиациясын жок кылууга багытталган атайын масштабдуу операция" деп атоодо. "Украинанын шаарларын ар түн сайын бомбалап жаткан" учактардын кеминде 40ка жакыны талкаланганы маалымдалды.

"Военный осведомитель" деп аталган Телеграм канал "FPV дрону тийгенден кийин кеминде үч Ту-95МС жана бир транспорттук учак алоолонуп күйүп жатат" деген жазуу менен коштолгон видео жайгаштырды. Ту-95МС Орусиянын стратегиялык бомбалоочу ракета алып жүрүүчүсү экени белгилүү.

"Бабель" басылмасы украин аскерлериндеги булактарына таянып "Паутина" деген атайын операция ишке ашырылганын, анын натыйжасында Орусиянын 40тан ашуун аскердик учагы бутага алынганын, арасында А-50, Ту-95 жана Ту-22 М3 бар экенин жазды.

Согуш шартында бул маалыматтарды бейтарап булактардан өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.


17:38 1.6.2025

Орусиянын Тергөө комитети Брянск менен Курск облустарындагы жарылууларды террордук акт катары мүнөздөп жатат. Бул тууралуу аталган комитеттин расмий өкүлү Светлана Петренко билдирди.

31-майда кечинде Брянскиде Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болгон, 70тен ашык адам жараат алган. Учурда алардын 45ке жакыны ооруканага жаткырылды, үчөөнүн абалы оор экени кабарланууда.

"Москва темир жолдору" ишканасы “мыйзамсыз сырткы кийлигишүүнүн” негизинде көпүрөнүн тирөөчтөрү сынганын, ал поездге кулап түшкөнүн билдирди, бирок кандай кийлигишүү экенин тактаган эмес.

Би-Би-Си мындай сүйлөм буга чейин адатта темир жолдордо жардыруу болгондо колдонулуп келгенин белгилеген.

Жекшембиге оогон түнү Курскиде товар ташыган поезд өтүп баратканда темир жолдогу көпүрө кыйрап, үч адам жараат алды. Облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейн поезддин бир бөлүгү көпүрөнүн алдында машина жолго кулап түшкөнүн, тепловоз күйүп кеткенин маалымдады. Машинист эки жардамчысы менен ооруканага жеткирилди.

Жекшембиде эртең менен темир жол транспортуна байланыштуу дагы бир жарылуу болгону тууралуу маалыматтар чыкты.

Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгын башкармалыгы Запорожье облусунда товар ташыган поезд жардырылганын билдирди.

Анда поезд аскердик болгону, аннексияланган Крымды көздөй баратканы айтылат. Орусиянын бийлиги бул маалыматтарды бышыктап же төгүнгө чыгара элек.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG